МАСАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАСАЛИЕВ Апсамат (10. 4.
1933, азыркы Баткен обл., Кадамжай району, Алыш айылы - 31. 7. 2004, Бишкек) - советтик партиялык, мамлекеттик жана саясий ишмер; КРдин Баатыры (2003). Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун (1953), Москва тоо-кен интун (1956), Алматы жогорку партиялык мектебин (1964) бүтүргөн. 1957-62-жылы «Кыргыз көмүр» трестинин «Комсомольская» шахтасында мастер, 1958-61-жылы

Ош «Кыргыз көмүр» трестинде башкы инженер, партиянын Ош обкомунда бөлүмдүн инструктору, 1964-66-жылы Кыргызстан КП БК жана Кыргыз
ССР Министрлер Советине караштуу Партиялык мамлекеттик контроль комитетинде бөлүмдүн инспектору, Ош обл. комитетинде төраганын орун басары, 1966-69-жылы партиянын Ош обкомунда бөлүм башчы, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун басары, 1969-71-жылы партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1971-72-жылы Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, 1972-74-жылы Бишкек шаардык эл депутаттар советинин аткомунун төрагасы, 1974-79-жылы Кыргызстан КП БКнын секретары, 1979-85-жылы партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1985-жылы КПСС БКда инспектор, 1985-91-жылы Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1991-93-жылы КПСС БКда бөлүмдүн кеңешчиси, 1993-96-жылы КРдин мамлекеттик тоо-кен көзөмөл комитетинде директор болуп иштеген. СССР (1979-91), Кыргыз ССР (1971-75) Жогорку Советтеринин, КР Жогорку Кеңешинин (1985-жылдан) депутаты. Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы «Манас», КМШ мамлекеттеринин Парламент аралык ассамблеясынын «Содружество» ордендери менен сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн» негиздөөчүлөр аллеясында айкели тургузулган.