МАРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАРЫ (Магу) - Түркмөнстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Мары велаятынын администрациялык борбору. Мургаб оазисинде, Мургабдын кургак салаасы менен Кара-Кум каналынын кесилишкен жеринде жайгашкан. Калкы 126,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Т. ж. түйүнү (Ташкент, Түркмөнбашы жана Кушка менен байланышат). М. 1884-жылы Мерв деген ат менен негизделгенетикалык Алгач Мерв округунун (Түркстан генералгубернаторлугу) аскер-администрациялык, 1890-жылдан уезддик, 1921-24-жылы Түркстан АССРинин Түркмөн уездинин борбору болгон. 1937-жылдан азыркы атында. М. - ири ө. ж. борбору. Машина куруу (электр насостор, нефть агрегаттары), автомобиль ремонттоочу, азот жер семирткичин чыгаРУУчу, жеңил (пахта тазалоочу, булгаары заводу, жүн жуучу, жип ийрүү-токуучу жана тигүү фабрикалары), тамак-аш-татымал (анын ичинде пиво кайнатуу, сүт, кондитер азыктары), эмерек, курулуш материалдар өндүрүш ө. ж. иштейт. Килем токуу (анын ичинде килем токуу үчүн продукция даярдалат; текин килеми кол менен токулат) өнүккөн. Мары ГРЭСи иштейт. М-дан 30 км чыгышта
Байрам-Али ш-на жакын жерде Байыркы Мерв археол. жана архитектуралык эстеликтер комплекси сакталган.