МАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАРЫ (Магу) - Түркмөнстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Мары велаятынын администрациялык бор­бору. Мургаб оазисинде, Мургабдын кургак са­лаасы менен Кара-Кум каналынын кесилишкен жеринде жайгашкан. Калкы 126,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар). Эл ара­лык аэропорту бар. Жолдор тоому. Т. ж. түйүнү (Ташкент, Түркмөнбашы жана Кушка менен байла­нышат). М. 1884-жылы Мерв деген ат менен негиздел­генетикалык Алгач Мерв округунун (Түркстан генерал­губернаторлугу) аскер-администрациялык, 1890-жылдан уезд­дик, 1921-24-жылы Түркстан АССРинин Түркмөн уездинин борбору болгон. 1937-жылдан азыркы атында. М. - ири ө. ж. борбору. Машина куруу (электр насостор, нефть агрегаттары), автомо­биль ремонттоочу, азот жер семирткичин чыга­РУУчу, жеңил (пахта тазалоочу, булгаары заводу, жүн жуучу, жип ийрүү-токуучу жана тигүү фабрикалары), тамак-аш-татымал (анын ичинде пиво кай­натуу, сүт, кондитер азыктары), эмерек, куру­луш материалдар өндүрүш ө. ж. иштейт. Килем токуу (анын ичинде килем токуу үчүн продукция даяр­далат; текин килеми кол менен токулат) өнүккөн. Мары ГРЭСи иштейт. М-дан 30 км чыгышта

Байрам-Али ш-на жакын жерде Байыркы Мерв археол. жана архитектуралык эстеликтер комп­лекси сакталган.