МАРШАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАРШАЛ (немисче шагаЬ — ат, вса1с - малай) - 1) о. кылымда Францияда королдун ат багары­нын наамы. 12-к-дан королдун жан сакчыла­рын, ат күзөтчүлөрүн жана атканаларын башка­РУУчу сарай ак сөөгү. 13-15-к-да король аскер­леринин бир бөлүгүнүн командачысы; 2) көп өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө жогорку аскер­дик наам. М. наамы Францияда 16-к-да пайда болгон. 19-к-да Испания, Түркия, Италия жана Японияда, 20-к-да айрым Европа өлкөлөрүнө М. наамы киргизилген. Пруссия (кийин Герма­нияда), Австрия (кийин Австрия-Венгрияда) жана Россияда М. генерал-фельдмаршал, Улуу Британияда фельдмаршал наамына тең бол­гон. СССРде 1935-жылдан Советтер Союзунун Маршалы, 1943-жылдан Башкы М. жана авиа­ция М-ы (артиллерия, бронетанкалык, инженердик жана байланыш аскерлеринин) наамдары бол­гон; 3) Польшада кээ бир жарандык кызмат­тагы адамдын наамы (Сейм М-ы, Сеймдин вице-М-ы).

Б. Кыштообаев.