МАРС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАРС (астрономиялык белгиси сГ) - Күн системасындагы. планета. Физикалык мүнөздөмөсү боюнча Жер тобундагы планеталарга кирет. Күнгө чейинки орт. аралыгы 227,9 миллион км же 1,5 а. б.; Күндү айлануу мезгили 1,88 жыл, өз огунда айлануу мезгили 24,5 с, 37 мин; массасы 6,4-1023 кг (0,1 Жер массасындай), орт. тыгыздыгы 3,97 г/см2, орт. диаметри 6780 км. М-тын спектринде суу буусунун сызыктары байкалган. Атм. басымы - 0,007 атм-радан (700 Па) ашпайт, башкача айтканда болжол менен Жер бетинен 40 км бийиктиктеги атм. басымы менен бирдей. Мындай төмөнкү атм. басымда суу суюк абалда болушу мүмкүн эмес, суу +50°С температурада бууга айлангандыктан, буу, кар жана муз түрүндө болот. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы боюнча М-тын атм-сы 95% көмүр кычкыл газынан, 3% азоттон, 1,5% аргондон жана 0,15% кычкылтектен турат. М-тын атм-сында сейрек булуттар менен тумандар кездешет. Аларды уюлдарынан тез-тез байкоого болот. Бетинде көптөгөн кратерлер, тоо кыркалары, чокулар ж. б. бар. М-тын эң бийик жери Олимп жанартоосу (28 км). 0. эле туш. жарым шарында Маринераер өрөөндөрү - тереңдиги 6 клгден ашык коньондор тармагы батыштан чыгышка 4000 км узундукта созулуп жатат. Планетанын бетинде дайыма чаңдуу туманды пайда кылган шамал болуп, кээде

катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, көрүнбөй калат. Бетинин температурасы -ЮОдөн 0°Сге чейин өзгөрүп турат. Уюлдарында -125°Сге жакын. М-та Жердегидей эле жыл мезгилдери болуп турат жана климаттык алкактарга (уюлдук, мелүүн, тропиктик) бөлүнөт. М. жылы 687
жер суткасына барабар. Планетага окшош туура эмес формадагы табигый эки (Фобос жана Деймос) жандоочусу бар. 1877-жылы америкалык астроном А. Холл ачкан. Планетага жакын жайгашкандыктан, аларды байкоо кыйын. Ай кратерлери сыяктуу Марстын бетинде ЗООдөн ашык кратер байкалган. Алардын диаметри 3 клгден 180 кжге чейин жетет. Магнит талаасы Жердикинен 500 эсе начар. Анын уюлдуулугу Жердин магнит талаасынын уюлдуулугуна карама-каршы, башкача айтканда түндүк магнит уюлу планетанын түндүк жарым шарында, түштүк уюлу - түштүк жарым шарында жайгашкан. Перигелийде М. Жерге өтө жакындайт, башкача айтканда андан 54,7 миллион к.идей аралыкта болот. Ар бир 15 же 17 жылда кайталануучу улуу тогошуу мезгилинде М-тын жаркырактыгы Чолпондон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971, 1988-жылдары байкалган. Мындан 1200 жыл мурун Жерге М-тан келип түшкөн метеоритке НАСА (АКШ) тарабынан жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча качандыр бир мезгилде анда жашоо болгон деп божомолдонот.