МАРЖИНАЛЙЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАРЖИНАЛЙЗМ (фр. таг§1па1 - чегине жеткен) - 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон экономикалык ой жүгүртүүнүн жаңы агымы, башкача айтканда экономикалык процесстер менен кубулуштарды чегине жеткен чондуктарга таянуу аркылуу анализдеген экономикалык теория. М. негизинен чондуктардын төмөндөгүдөй категорияларына таянат: чегине жеткен эмгек өндүрүмдүүлүгү, чыгымдоонун чеги, пайдалуулуктун жогорку чеги, киреше менен баанын жогорку чеги, ошондой эле базардагы суроо-талап жана сунуштар жөнүндө мыйзамдар. М. экономикалык-математикалык ыкманы кеңири пайдалануу менен бирге сандык анализге таянат. М. теориясына таянуу менен рынокто сунушталган товарларды (материалдык байлыктарды) жетишерлик санда пайдалангандан кийин, андан ары анын санын кыскартуу зарылдыгы же анын пайдалуулугунун чеги аныкталат. М-дин жактоочулары материалдык
байлыктардын наркын ага жумшалган зарыл чыгымдар аныктабастан, анын рыноктогу сейректигине байланыштуу көтөрүлгөн баасынан келип чыккан пайдалуулугун аныктайт деп эсептейт. М. көз караштары боюнча товардын наркы адамдар үчүн ошол товардын чегине жеткен пайдалуулугуна негизделип аныкталат.