МАРЖИНАЛЙЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАРЖИНАЛЙЗМ (фр. таг§1па1 - чегине жет­кен) - 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон экономикалык ой жүгүртүүнүн жаңы агымы, башкача айтканда экономикалык процесстер менен кубулуштарды чегине жеткен чондуктарга таянуу аркылуу анализдеген экономикалык теория. М. негизинен чондуктардын төмөндөгү­дөй категорияларына таянат: чегине жеткен эм­гек өндүрүмдүүлүгү, чыгымдоонун чеги, пайда­луулуктун жогорку чеги, киреше менен баанын жогорку чеги, ошондой эле базардагы суроо-талап жана сунуштар жөнүндө мыйзамдар. М. экономикалык-математикалык ыкманы кеңири пайдалануу менен бирге сандык анализге таянат. М. теориясына таянуу менен ры­нокто сунушталган товарларды (материалдык байлыктарды) жетишерлик санда пайдаланган­дан кийин, андан ары анын санын кыскартуу зарылдыгы же анын пайдалуулугунун чеги аныкталат. М-дин жактоочулары материалдык

байлыктардын наркын ага жумшалган зарыл чыгымдар аныктабастан, анын рыноктогу сей­ректигине байланыштуу көтөрүлгөн баасынан келип чыккан пайдалуулугун аныктайт деп эсептейт. М. көз караштары боюнча товардын нар­кы адамдар үчүн ошол товардын чегине жеткен пайдалуулугуна негизделип аныкталат.