«МАНХЭТТЕН ДОЛБООРУ»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
«МАНХЭТТЕН ДОЛБООРУ» - АКШда ядролук куралдарды жасоо боюнча программанын шарттуу
аталышы. АКШ 1945-жылы 16-июлда Нью-Мексико штатында, Аламогордо полигонунда ядролук сыноолорду жүргүзгөн. М. д-на АКШ, Улуу Британия, Германия жана Канада мамлекеттеринин окумуштуулары катышкан. Натыйжада 3 атомдук бомба жасалган: плутоний бомбасы «Тринити» (1945-жылы 16-июлда Нью-Мексико штатында биринчи ядролук сыноодо жардырылган), уран бомбасы «Малыш» (1945-жылы 6-августта Хиросимага ташталган) жана плутоний бомбасы «Толстяк» (1945-жылы 9-августта Нагасакиге ташталган). Долбоорду америкалык физик Роберт Оппенгеймер жана генерал Лесли Гровс жетектеген. Долбоор негизинен Оук Риджде (Теннеси штаты), Лос-Аламосто (Нью-Мексико штаты), ошондой эле Чикаго, Калифорния жана Колумбия университеттеринде иштелген.
А. Матанова.