МАНСИЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАНСИЛЕР, вогулдар - РФтеги эл, Тю­мень обл-ндагы Ханты-Манси автономия окру­гунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (ай­рыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куйма­сын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Ай­рымдары Свердлов облусунда (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православныйлар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келген­дер биздин замандын 1-мин жылдыгында Прикамья, При­уралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор

Салттуу кийимчен мансилер.

уруулары менен аралашуусу М-дин этностук не­гизин түзсө керек. Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгы­нын 1-жарымы - 1-миң жылдыкта М-дин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орус­тар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негиз­ги кесиби - аңчылык, балыкчылык, бугу асы­роо. Аялдары - көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды кол­донушат. Эркектер - көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы негизи­нен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш. 20-к-дын 20-30-жылдарынан кийин эл чарбасынын баш­ка тармактары өнүккөн. Калктын 45% и шаар­да жашап, ө. ж-да иштешет. Интеллигенция ка­лыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында М-дин салттуу маданияты жана тили сакталып калган.