МАНКУРТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНКУРТ- тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адам. Термин Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында киргизилген. Заманбап илимий адабиятта: «ааламдашуу (глобализация) шарттарындагы постсов. доордо Батыш-Чыгыш маданиятынын ортосунда чалынган маргиналдан айырмаланып, М. кара курсак менен кызыл кекиртектин керектүүлөрүн канааттандыруу максатында, болор-болбос акча үчүн өз маданиятынан баш тартат же аны унутат да, Батыш маданиятынын өзүнө жат, чоочун элементтерин толук өздөштүрөт. Тилекке каршы, аны Батыш да, Чыгыш да маданияты кабыл албай, ал түрткүнчүккө айланат. Жоломан өз энесин өлтүргөндөй, Батыш төлөгөн акча үчүн өз маданиятын өлтүрүүгө, атабабасынын арбагы жаткан, алардын көрүстөнү турган, өз балалыгы өтүп, балдары туулган жерди сатууга даяр»,- деген пикир пайда болду.