МАНИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНИЯ (грекче гпаша - акылсыздык, шаттануу, кумар) - көнүлү көтөрүңкү, өтө тез ой жүгүртүү, көп сүйлөө, эмгекке ашкере берилүү, сүйлөөктүк менен мүнөздөлгөн психикалык бузулуу. Шизофрения жана паранойя ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Мында уйку качат, тамакка табити азаят, жыныс бездеринин иши бузулат. Көбүнчө М. - депрессиялык психоздо, ошондой эле шал болгондо, карылык психозунда, мээге доо кеткенде, айрым ууланууларда жана жугуштуу ооруларда да болот; 2) бир нерсеге эң эле кызыгуу, өтө кумардануу (мисалы, графомания - жазууга кумардануу, клептомания - уурулукка берилүү).