МАНИЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАНИЛА - Филиппин Респ-нын борбор шаа­ры. Лусон а-нын түштүк-батышында, Манила бу­луңунун жээгинде (Түштүк-Кытай деңизинин ала­бы) жайгашкан. Калкы 1,7 миллион (2010). М. - өлкөнүн башкы саясий, экономикалык жана маданий бор­бору. Метро-Манила шаар айланасында жайгаш­кан шаар-спутниктерди [Кесон-Сити (өлкөнүн расмий борбору), Калоокан, Мандалуйонг, Ма­лабон, Макати, Сан-Хуан, Пасиг, Параньяке, Пасай, Навотас (балык кармоочу гавань)] жана бир муниципияны камтыйт. Метро-Манила коң­шу провинциялардын канатташ аймактары менен Чоң Манила агломерациясын (20,7 миллион киши, 2010) түзөт. Алгач 9-к-да Майнилад де­ген ат менен Тондо султандыгына карагандыгы эс­керилет. 1571-жылы Кийинчерээк испандар басып

Шаардагы Роксас бульвары.

алып, Филиппиндин администрациялык борборуна айланган. 1898-жылы АКШнын колуна өткөн. 1935-жылдан Филиппин автономиясынын, 1946-жылдан Фи­липпин Респ-нын борбору. Пасиг д. шаарды экиге бөлүп агат. Өкмөттүк ишканалар жана шаардын эски бөлүгү - Интрамурос (мурунку испан чеби) М-нын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жеңил, тамак-аш, полиграфиялык, жыгаччылык, химиялык, машина куруу ө. ж. ишканалары, верфтер иш­тейт. Университеттер, улуттук жана Санто-Томас музейи, театр, сүрөт галереясы, китепкана бар. Сан-Агус­тин чиркөөсү (1599-1614) сакталган.