МАНДЕЛА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНДЕЛА Нельсон Ролихлахла (18. 7. 1918- жылы туулган, ТАР, Умтатага жакын, Куну кыш. - 5. 12. 2013, Йоханнесбург) - африкалык мамлекеттик жана саясий ишмер, ТАРдын 9-президенти (1994- 99). Нобель сыйлыгы лауреаты (1993). 1942-жылы Түштүк-Африка университетин бүткөн. 1944-жылы Африка улуттук конгрессинин (АУК) жаштар лигасын түзүүгө катышып, 1951-жылдан анын президенттигине шайланган. 1950-жылдары апартхейд саясатына каршы күрөшкөн. 1955-жылы Түштүк Африка элдеринин конгрессин уюштурган. 1964-жылы

бийликке каршы саботаждарды жүргүзгөндүгү үчүн камакка алынып, Роббен Айленд а-на айдалып, түрмөгө кесилген. 1990-жылы АУК легалДУУ уюмга айланып, М. эркиндикке чыккан. 1991-жылдан АУКтун президенти. 1994-жылы жалпы элдик шайлоодо ТАРдын президенти болуп шайланган. 1996-жылы М-нын жетекчилиги менен Тардын конституциясы кабыл алынып, бардык түштүк африкалыктар тең укукка ээ болгон. М. эл аралык 50 университеттин ардактуу мүчөсү.