«МАНАС» ЭПОСУНУН АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛЫШЫ (1995-97: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
«МАНАС» ЭПОСУНУН АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛЫШЫ (1995-97) КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил, адабият институтунун директору А. Акматалиевдин жетекчилиги менен иш жүзүнө ашкан. Алгач С. Орозбаковдун варианты академ. басылыш түрүндө жарык көрө баштаган. С. Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» бөлүмүнүн 6 томдугу жана С. Каралаевдин вариантынын 3 томдугу жарыкка чыкты, ага удаалаш эле «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү да жарык көрмөкчү. Кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосу - мазмунунун кеңдиги, баяндалган ой-түшүнүктөрүнүн терендиги, көркөмдүк деңгээлинин кол жеткис бийиктиги менен жалпы адамзаттык рухий казынада ардактуу орундардын бирин ээлеген уникалдуу көркөм дөөлөт. Эпостун академиялык басылышы дүйнө элдеринин бул чыгармага кызыккан өкүлдөрүнө «Манастын» улуттук касиеттерин таасын көрсөтүп, терең түшүнүүгө көмөк болмокчу. Сагымбайдын вариантынын мыкты сапат-касиеттери мурунтан эле «Манас» изилдөөчүлөр тарабынан сөзгө алынып, жогору бааланып келгендигине карабастан, узак жылдар бою түрдүү себептер менен анын тексттерин толук түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Чоң күч жумшалып, азап-тозок менен жарыкка чыгарылган айрым үзүндүлөр да же ондолуп, же абдан кыскартылган түрдө жарыяланып келген. Ошондуктан өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрүп, «Манаста» мурда кандай айтылса, ошол түрүндө элге жеткирүү мүмкүнчүлүгү туулганда Сагымбайдын вариантын толук, академиялык басылышын чыгаруу идеясы колго алынып, КР УИА Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун «Манас» бөлүмүнүн кызматкерлери тексттерди басмага даярдоо ишине киришкен. Иш коллектив үчүн таптакыр жаңы, көп кырдуу, өзгөчө татаал, зор көлөмдүү болгондуктан, өтө көп күч-аракетти, узак убакытты, системалуу эмгекти талап кылган. Мындай зор көлөмдөгү чыгарманын академиялык басылышынын чыгаруунун дүйнөнүн башка элдеринде мурда-кийин тажрыйбасы да белгисиз болгондуктан, коллективдин сунушу боюнча С. Мусаев тарабынан фольклор илиминдеги тажрыйбаларга, кеңири белгилүү жыйынтыктарга таянуу менен «Манас» эпосунун өзгөчөлүгү, көлөмү, көп варианттуулугу, варианттарынын мүнөзү, тексттеринин качан, кандай жазылгандыгы ж. б. эске алынып, «Манас» эпосун академиялык бастырууга даярдоонун негизги принциптери иштелип чыккан. Иш негизинен ошол жол-жобо, принциптерге таянып жүзөгө ашырылып жатат. С. Орозбаковдун вариантынын көркөмдүк деңгээли жогору экендиги баарына маалым. Ал туурасында кезинде А. Осмонов, К. Маликов, Ч. Айтматов да өз ойлорун айтышкан. Бирок, академиялык басылышка даярдалып жаткан 180 миңден ашуун ыр жолунан турган тексттердин сапаттык деңгээли бир кылка эмес. Мындай зор көлөмдөгү чыгарма баштан аяк бирдей, эң жогорку деңгээлде болушу мүмкүн да эмес. Академиялык басылышта солгун чыккан ыр саптары да кезигип, алар эч кыскартуусуз берилген. Бул басылыштын ичине кирген, эл арасында көп аткарылып, электен өтүп, терең иштелип чыккан эпостогу салттык туруктуу окуяэпизоддор мазмуну жактан да, формасы боюнча да жогорку деңгээлде. Булардын катарына «Манастын төрөлүшү, балалык чагы», «Ала-Тоону душмандардан бошотуу», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң чабуул» ж. б. кошууга болот. Ал эми анча көп аткарылбаган же жаздыруу учурунда алгач киргизилген, ошондой эле сырткы себептердин таасири менен чала айтылган эпизоддор албетте мындай жогорку деңгээлде болбойт. Биринчи томдо тексттерден мурда Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев жазган баш сөздөрү берилген. Алардын мазмуну эпоско жалпы мүнөздөмө берүү, жыйноо, бастыруу, изилдөөлөр жөнүндө кабарлар, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү сыяктуу маалыматтарды камтыйт. Негизги тексттерден кийин, зор эмгекти талап кылган түшүндүрмө бөлүмү берилген. Мында, «Тексттердеги айрым сөздөрдүн катчылар тарабынан жазылышы», «Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү жана комментарийлери», «Китепке кирген окуяларда кезиккен адам аттары», «Окуяларда учураган топонимдер», «Бул китепке кирген эпизоддордун мурда жарык көргөн үлгүлөрү», «Айрым белгилүү манасчылар, алардын варианттары жөнүндө» (Тоголок Молдо, Ж. Кожеков, Ш. Рысмендиев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Ы. Абдырахманов, С. Каралаев, М. Чокморов) сыяктуу темаларга бөлүштүрүлүп, өз-өзүнө тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
|С. Мусаев|, А. Акматалиев.