«МАНАС» ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНАС» ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ - «Манас» үчилтиги боюнча түзүлгөн фундаменталдуу эм­гек; адабий-фольклордук илимий маалыматнаама. Дүйнөлүк тажрыйбада биринчи болуп түзүлүп, 1995-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн. Эки томдон турат. Коомчулук тарабынан жогору

бааланып, 1998-жылы КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу бол­гон. Эпостун проблемаларына арналган 3 миң­ден ашуун макала кирип, 95 түстүү, 300 кара-ак сүрөт менен иллюстрацияланган. Макалаларды жа­зууга 290 автор катышкан. Энциклопедияда «Манас» эпосунун бардык маселелери боюнча не­гизги маалыматтар камтылган. Энциклопе­дияда манасчылар, жыйноочулар, изилдөө­чүлөр, котормочулар жана эпоско кыйыр же ти­келей тиешеси бар чыгармалар, алардын автор­лору, режиссёрлору, операторлору, сүрөтчүлөр, ролдорду аткарган артисттер жөнүндө жазылган таржымал макалалар, ошондой эле чет өлкөдөгү Ма­нас айтуучулар, жарыялоочулар, изилдөөчүлөр, өзүнчө чыккан китептер макала түрүндө берил­генетикалык Энциклопедиянын көздөгөн максаты - кыр­гыздын баатырдык эпосу «Манастын» өз алдын­ча турган бөлүмдөрүнүн көркөм тексттерин, маз­мунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдар түзүлүшүн, көркөм кара­жаттарын, топонимикасын, эпостук аталышта­рын, антропонимдерин, философиялык жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлерин чечмелеп берүүгө арналган. Бул эмгекти даярдоодо КР УИАнын окумуштуу­лары, т. а. манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун кызматкерлери активдүү катышкан. Энциклопедиянын мазмунун кам­тыган 3 миңден ашуун термин сөздөр, түшү­нүктөр мурда басылып чыккан, ошондой эле КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун бардык варианттарынан танда­лып алынган. Мындай материалдарга 16-к-дын башында жазылган «Мажму ат-таварих» (Та­рыхтар жыйнагы), Ч. Валиханов, В. Радлов, Д. Алмаши, С. Смирновдордун «Манас» эпосу боюнча жазып алган материалдары, «Семетей» эпо­сунун Тыныбектин айтуусу боюнча басылып чык­канүзүндүсү, 1940-жылдарда «Манас» серияла­рында жарыяланган эпостун айрым эпизоддо­ру, эпостун үч бөлүмүн камтыган курама ва­рианты, С. Орозбаковдун 4, С. Каралаевдин 5 китептен турган варианттары кирген. Ошондой эле Ш. Рысмендеев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Тоголок Молдо, Жусуп Мамайдын вариантта­ры да пайдаланылган. Энциклопедияда бир кыйла көлөмдүү орун чыгармадагы каармандар­дын мүнөздөмөлөрүнө ыйгарылган. Окуяларга көп катышып, алардын жүрүшүндө активдүү роль ойногон Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Семетей, Сейтек, Каныкей, Айчүрөк, Конурбай, Жолой ж. б. башкы каармандардын ар бирин сыпаттаган көлөмдүү макалалар менен бирге эле, окуяларда аты гана эскерилген же бир гана эпи­зоддо катышкан кейипкерлерге берилген чакан шилтеме маалыматтарга чейинки материалдар менен окурмандар «Манас» үчилтигинде катыш­кан, сөз болгон, аты эскерилген ар бир кейип­кер жөнүндө кабар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көлөм жагынан да, мааниси жагынан да эн­циклопедиядагы өзгөчө орунду ээлеген мате­риалдар эпостун жаратуучулары жана сактоочу­лары - манасчылар жөнүндөгү баяндамалар түзөт. Элге кеңири белгилүү болгон улуу жомокчулар­дан тартып, аты, атагы бир айылдын чөйрөсү менен чектелген эпос айтуучуларга чейинки ар бир инсан, алардын варианттары, манасчылык өнөрү, жеке табылгалары менен салттык көрүнүш­төрдү өздөштүрүү жана пайдалануу чеберчилиги, аткарган вариантындагы сюжеттик нук, салт­тык өзөк сыяктуу орчундуу маселелер боюнча кыс­кача маалыматтар, ошондой эле эпостун тексттери ка­чан, ким тарабынан жазылып алынганы, ал ма­териалдардын кийинки тагдыры, кайда сактал­ганы, көлөмү ж. б. маалымат-кабарлар берил­генетикалык Бул топтогу макалаларда «Манас» эпосуна кызыккан ар бир окурман үчүн гана эмес, кыр­гыздардын улуу мурасына тиешелүү көптөгөн илимий проблемалар боюнча иликтөөчү окумуштууларга да кыйла кызыктуу маалыматтар, фактылар табылат. Энциклопедияга илимге белгилүү 85 манасчынын ысмы камтылган. Алардын өмүр баяны, варианттарынан көлөмү жана мазмуну сыяктуу негизги маселелерге жооп берүү аракет­тери жасалган. Энциклопедиянын мазмунун түзгөн макалалардын чоң тобун «Манас» эпо­сунун идеялык-көркөмдүк турпат-касиеттерин ачып берген материалдар түзөт. Айрыкча баатыр­дык эпос, вариант, генеал. циклдешүү мыйзамы, ошондой эле кыргыз жомогуна тиешелүү өзгөчөлүктөр жөнүндөгү көлөмдүү, жалпылоочулук мүнөздөгү ой­лорду камтыган макалалар эпос күйөрмандары үчүн да, аны үйрөнүүгө далалаттанып кызык­кандар үчүн да орчундуу мааниге ээ. Энцикло­педияда «Манас» эпосун изилдөөчүлөр, алардын жасаган иштери туурасында макалалар да орун алган. Орустун белгилүү окумуштуусу В. В. Рад­лов, казак ориенталисти Ч. Валихановдон тар­та кыргыз манас таануучулары - С. Мусаев, Р. 3. Кыдырбаева, Э. Абдылдаев, К. Кырбашев,

А. Жайнакова, Р. Сарыпбековдордун эпос боюнча жазылган эмгектери энциклопедиянын баалуу­лугун көтөрүп турат. «Манастын» чет өлкөлөрдө жарыяланган тексттери менен кыргыз эпосунун ар кыл проблемалары боюнча изилдөө жүргүзгөн чет элдик окумуштуулар тууралуу материалдар да бар. Бул эмгекте, эпостун мазмунуна байла­нышкан искусствонун бардык тармактары, алар­дын чыгармачылыгы туурасында маалыматтарга да ке­ңири орун берилген. Энциклопедиянын дагы бир баалуулугу - анда библиогр. көрсөткүчтүн бе­рилиши. Ага 1993-жылга чейинки 140 жылдан ашуун мезгилде эпос жөнүндө жарык көргөн мате­риалдар топтолуп, бардыгы 1200дөй документ камтылган. Көрсөткүчкө ошондой эле КУИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турган Манас эпосунун кол жазмасынын тизмеси да берил­генетикалык | С. Мусаёв|