МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - О: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - О. кылымга (14-кылым) таандык архитектуралык эстелик. Талас суусунун түндүгүндөгү Кеңкол өрөөнүнүн чыга беришинде жайгашкан жана ушул кезге чейин сакталган. Бышырылган кыштан салынган күмбөз эл ичинде жана илимий адабиятта «М. к.» деген ат менен белгилүү. 1893-жылы академик В. В. Бартольддун О. Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкент шаарындагы археологдордун Түркстан ийриминин уюштурулушу М. к-нүн илимий негизде изилденишине өбөлгө түзгөн. Ошол жылдары В. В. Бартольд тарабынан М. к-нүн абалы, негизги архралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. М. к-нүн бетиндеги арабча жазуу 1899-жылы В. В. Бартольд, кийинчерээк А. М. Беленицкий тарабынан окулган. Натыйжада «М. к.» деген эстелик чагатай эмири Абуканын кызы Кенизек-Хатундун (1334-жылы 6-майда, жума күнү өлгөн) урматына тургузулгандыгы маалым болгон. 1923-жылы мамлекет тарабынан коргоого алынган. М. к-н 1938-жылы А. Н. Бернштам жетектеген илимий экспедиция изилдеген. Анда табылган эки жыгач табыттын биринде орто жаш эркектин сөөгү коюлгандыгы аныкталган. 1945-жылы күмбөздү М. А. Пугаченкова менен М. Е. Массон изилдеп, сфера формалуу кумпа үстүндө төмөндөн жогору карай кууш тартып, учу чуштуйган чатырлуу кумпа (там чамгарак) болгон деген ой айтышкан. Мындай эстеликтер Түндүк Түркстанда ал кезде кеңири тараган. 1968-жылы реставрация жүргүзүү учурунда бийиктиги 56 см, диаметри 64 см «куба» табылып, чатыр-

луу кумпа идеясы далилденген. Төрт чарчы имараттын (ичи 4,38x4,48 м) бийиктиги 11 м, фасаддарынын ар биринин бийиктиги 7 м. М. к. пирамида (күмбөздүн негизги, биринчи көлөмү) түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатырынын (экинчи көлөмү) жана бет маңдайы оймо-чийме терракота менен кооздолгон негизги фасадынын (үчүнчү көлөмү) пропорциялуу жасалышы менен монументтүү көрүнөт. Төрт бурчтук жана анын порталы жогорулаган сайын ичкерет да, ушул себептен чатырдын кылда чокусу «куба» күмбөздүн бүткөн чекити өңдүү жалпы гармонияны байытат. Күмбөздүн негизги пропорцияны түзүүчү бөлүктөрүнүн катышы так, порталындагы жыш орнамент жана терракоталык оймо жергиликтүү элдин кол өнөрүнүн табигый өзгөчүлүгу менен байланыштуулугун билдирет. М. к. көчмөн кыргыздардын чөйрөсүнө мусулманчылык кире баштаган мезгилде, ыйык адамдын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн даңазалаган храм катары курулган. Ошондуктан күмбөз жергиликтүү эл үчүн зыярат жайы да болуп келгенетикалык 1968-жылы күмбөз толук реставрацияланган.
Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.