МАНАС РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы нуска
МАНАС РАЙОНУ — Талас облусунун түндүк-батышында жайгашкан администрациялык бирдик. 1980-жылы 3-сен-

тябрда Киров (учурда Кара-Буура) р-нунан бөлүнгөн. Талас өрөөнүнүн түндүк-батыш бөлүгүнөн орун алган. Түндүгүнөн жана батышынан Жамбыл обл. (Казакстан), түштүгүнөн Кара-Буура жана Бакай-Ата, чыгышынан Талас р-ндору менен чектешет. Аянты 12,4 миң км2. Калкы 32,9 миң (2009). Борбору - Покровка кыш. (7,4 миң).
Райондун аймагы Талас өрөөнунун Кыргыз Ала-Тоосу менен Эчкили-Тоо, Ак-Таш, КызылАдыр тоолорунун аралыгында жаткан бөлүгүндө жайгашкан. Жеринин бети негизинен түндүк-батышты карай бир аз жантайынкы, кокту-колоттуу, кургак сайлуу; дөңсөөлөр да бар. Кен байлыктарынан гранит, курулуш материалдары ж. б. кездешет. Климаты континенттик, январдын орт. температурасы —8°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250—300 мм. Чоң суусу - Талас (куймалары: Нылды, Кайынды, Алмалы, Кара-Арча ж. б.). Өрөөндүн таманында боз, тоо этектеринде ачык күрөң, кара, тоо-шалбаа топурактары басымдуу. Деңиз деңгээлинен 900— 1100 м бийиктикке чейин шыбак-эфемерлүү жарым чөл, андан жогору шыбак-чийлүү кургак талаа (1100—1500 м), бетегелүү талаа (1500— 2000 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (2000— 2600 м), субальп шалбаалуу талаа жана талаа өсүмдүктөрү (2700 мден жогору) таралган.
Калкынын көбү кыргыздар; андан башка орус, казак, татар, түрк, күрд, немис ж. б. улуттар жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2ге 29 киши туура келет. Райондо 5 айыл округу, 22 кыштак бар.
Чарбасынын негизги тармагы - айыл чарбасы, анын ичинде дыйканчылык өнүккөн. Айдоо аянты 20,5 миң га (анын ичинде 14,0 миң гасы сугат, 6,5 миң гасы кайрак жер), жайыт 62,5 миң га. Дыйканчылыкта дан эгиндери жана төө буурчак, картөшкө, жашылча, кант кызылчасы жана тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Токой 6,6 миң га, бадал 1,3 миң га жерди ээлейт. Мал чарбасында уяң жүндүү кой чарбасы өнүккөн. Өнөр жайынан гранит ташын иштетүүчү ишкана, курулуш материалдарын жасоочу «Алмаз» АК (КызылЖылдыз кыш-нда) ж. б. бар. Автомобиль жолунун мааниси зор. Райондун аймагынан Талас - Кызыл-Адыр - Тараз (Казакстан), Талас - Нылды - Покровка - Тараз (Казакстан) мамлекеттер аралык маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Райондо 13 орто, 5 негизги, 3 башталгыч, балдар музыкалык жана спорт мектептери, өспүрүмдөрдүн жана балдардын чыгармачылык борбору, 11 бала бакча, 18 китепкана бар. Райондук гезит чыгат. Үч оорукана, 2 поликлиника, 5 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Р. Токторова.