«МАНАС» ОПЕРАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

«МАНАС» ОПЕРАСЫ - баатырдык патриоттук опера. Музыкасы А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференики. Либреттосун «Манастын» сюже­ти боюнча А. Токомбаев менен К. Маликов жазган. Сюжеттин негизин «Манас» эпосундагы «Кө-

«Манас» операсынан көрүнүш.

көтөйдүн ашы» түзөт. Алгач ирет 1946-жылы (2- редакциясы 1966-жылы) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. 1966-жылы коюлганын­да баш ролдордо Кыргыз ССР эл арт. К. Чодро­нов (Манас), СССР эл арт. С. Кийизбаева (Ка­ныкей), Кыргыз ССР эл арт. С. Токтоналиев (Сыргак), X. Мухтаров (Коңурбай) ойногон. Ре­жиссёрлору - СССР эл арт., Р. В. Захаров менен Кыргыз ССР эл арт. А. Куттубаев, хормейсте­ри - С. Юсупов, художниги - Я. Штоффер. Чы­гармада элдик ыр-күүлөр кеңири пайдаланыл­ган. Анда хор да негизги орун ээлейт. Опера клас­сикалык опералардын үлгүсүндө (увертюрасы, ариялар, хорлор, дуэттер, бийлер, татаал симфониялык өсүштөр) жазылган. «Манас» операсынын автор­лору 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы татыктуу болгон. Опера Москва, Ленинград шаарында коюлган.