МАНАП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНАП - кыргыз коомундагы социалдык катмар. Айрым окумуштуулардын (С. М. Абрамзон) пикиринде М. деген аталыш 17-к-да жашаган сарыбагыш уруусунан чыккан Манап. бийге байланышкан. М. түшүнүгү 19-к-дын ортосунан Түндүк Кыргызстанда колдонулуп, Совет бийлигине чейин сакталган. Советтик тарых илиминде М. эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү (феодал) катары эсептелген. Иш жүзүндө М. коомдогу мамилени жөнгө салган, өз ара талаш-тартыш, чыр-чатактарды калыс чече билген, тектүү, кадырлуу адам болгондуктан, бардык маселе боюнча М-ка эл өзү кайрылган. Укугу жагынан бий менен М-тын бири биринен принциптүү айырмачылыгы болгон эмес. М. наамы жана бийлиги атадан балага мурастала баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине жараша чоң М. (сыйлуу), орто М. жана чала М. болуп бөлүнгөн. Түндүк кыргыздардын уруу бирикмелеринин чон М-ына орто жана чала М-тар баш ийген. Карапайым уруу мүчөлөрү М-тарга букара болгон. Кокон хандыгы мезгилинде М-тар хандын буйругун аткарып, салык жыйнашкан. Кыргызстан Россияга каратылгандан кийин көпчүлүк М-тар падышалык колониялык тартиптин таянычына айланган.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.