МАМЫТОВ Токон Болотбекович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЫТОВ Токон Болотбекович (18. 12. 1953- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.) - генерал­лейтенант (2006), КРдин мамлекеттик кызматынын 2- класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005), КРдин эмг. сиң. юристи (2009). Прже­вальск педагогикалык институтун (1979), Минсктеги СССР мамлекеттик кооп­суздук комитетинин жогорку курсун (1981), Москвадагы Ю. Андропов атындагы СССР мамлекеттик коопсуздук институтун (1987) бүтүргөн. 1979-80-жылы Пржевальск (азыркы Кара­кол) шаардык билим берүү тармагында жооптуу кыз­маттарда, 1981-92-жылы Кыр­гыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл обл.

башкармалыгында оперуполномочен, бөлүм башчы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коч­кор р-ндук бөлүмүндө начальник, 1992-97-жылы КРдин Улуттук коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, бөлүмдүн, башкармалыктын начальниги, 1997-2002-жылы КРдин улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын начальниги, КР Кор­гоо мйнистринин орун басары, 2002-05-жылы КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, 1-орун басары, 2005-06-жылы КР Пре­зиденттик администрацияда канцелярия на­чальниги, 2006-07-жылы Президенттик админист­рация башчысынын орун басары, 2007-08-жылы КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2008- 09-жылы КР Президентинин администрациясында мамлекеттик кеңешчи, 2013-жылдан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл обл-ндагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2009-10-жылы жана 2013-жылы КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, 2013-жылы КРдин вице-пре­мьер-министри. КРдин Жогорку Кеңешинин де­путаты (2010-13-жылы).