МАМЫТОВ Жолон: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЫТОВ Жолон (1. 4. 1940, Ош обл„ Кара­Суу району, Төлөйкөн айылы - 8. 3. 1989, Москва ш„ сөөгү Бишкекке коюлган) - акын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1989, өлгөндөн ки­йин), 1968-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1962-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. 1962-65-жылы

Ош шаарындагы ветлабораторияда ветврач, Кара-Суу районунда­гы Катта-Талдык асыл ту­кум мал чарбасында башкы ветврач, 1965-66-жылы Кыргыз ССР ЛКЖС БКда инструк­тор, 1971-жылы Ош обл. теле­радиосунда улук жана баш­кы редактор, 1974-80-жылы Кыргызстан кинематографисттер

союзунда жооптуу секретарь, 1980-83-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм баш­чы, 1983-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун сек­ретары, төраганын биринчи орун басары болуп иштеген. 1969-жылы «Отту сүйөм» деген алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. «Суунун өмүрү», «Эр Чилтен» ыр жыйнактары жана куурчак театры үчүн жазылган «Түркүк эненин бал­дары» пьесасы, «Олокон» мультфильминин сценарийи үчүн 1981-жылы Ленин комсомолу сыйлыгы берилген. М. - киносценарийлердин, либ­реттолордун автору. 1987-жылы анын либретто­су боюнча «Сепил» операсы коюлган. М. Слуцкис, Ф. Тютчев, А. Фет, В. Маяковский, О. Сулейме­нов ж. б. акындардын ырларын кыргыз тилине которгон.