МАМЫК ЧӨПТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫК ЧӨПТӨР (ВгуорЬу1а) - жер бетинде, кээде тузсуз сууда өсүүчү жөнөкөй түзүлүштүү автотрофтуу өсүмдүктөр бөлүмү. Алар 3 класска (АпПюсегоЪае, НераНсае жана Мивс!) бөлүнөт. Көп клеткалуу, жөнөкөй түзүлүштүү, бийикт. 1-50 слгге жеткен жалбырак-сабактуу көп жылдык жашыл өсүмдүктөр. Аларда ассимиляциялоо, өткөргүч, ошондой эле механикалык ткандары болот. М. ч-дүн өөрчүү цикли гаплоиддүү гаметофитте диплоиддүү спорофиттин бөлүнүшү менен жүрөт. Натыйжада жыныстык жана жыныссыз мууну бир өсүмдүктө өөрчүйт. М. ч-дүн спорасынан бутактанган, көп клеткалуу, фотосинтезди жакшы өткөргөн протонема (ичке жип) өсүп чыгат. Протонемада көп сандаган бүчүрлөр пайда болуп, вегетациялык көбөйүүгө шарт түзөт. Айрым М. ч-дүн бүчүрүнөн өркүн өсөт. М. ч. - бир
же эки жыныстуу жана бир же эки үйлүү. Жыныс жолу менен көбөйүүчү органдары - антеридий жана архегоний. М. ч. (Ап!Ьосего1ае жана НераЫсае) негизинен тропик же мелүүн климаттуу өлкөлөрдө кеңири таралган. Мизс1 нымдуу жерде, токой, тундра, сазда өсүп, көбүнчө чым катмарын түзөт. М. ч-дун өтө тез өсүшү топуракты сазга айландырып, шалбаа, жайыттардын сапатын начарлатат. Малга тоют катары жумшалат, ошондой эле курулуш ишинде пайдаланылат.
