МАМОНТ ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМОНТ ҮҢКҮРҮ (МаттоГИ Сауе) - карст үңкүр системасы, дүйнөдөгү эң узун үңкүрлөрдүн бири; улуттук парк. АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл ш-на жакын жерде. Аппалачи тоолорунун батыш этегиндеги Флинт кырка тоосунун акиташ тегинде пайда болгон. Үңкүрдө 225 өткөөл, 47 кумпа, 23 терең шахта бар экени аныкталып, алардын жалпы узундугу 74 клгден ашык, тереңдиги 300 м. Жыл сайын спелеологдор бир нече жаңы жолдорду ачат. Жер астынан аккан суулар Грин-Ривер д-на куят. Үңкүрдүн аталышынын мамонт менен байланышы жок. Англ. таттоИг деген сөз 2 маанини билдирет: «мамонттук» жана «чоң». Мында үңкүрдүн
көлөмүнүн чоңдугу айтылган. Ал 10 миллион жыл мурун пайда болгон. Биринчи жолу 1797-жылы америкальхктар ачкан. 19-к-дын башында калий селитрасы жана кальций нитраты казылып алынган. 1941-жылы М. ү. улуттук паркы түзүлгөн. 1954- 61-жылы спелеол. экспедициялар М. ү-нө жакын жердеги майда үңкүрлөр (Кристаллдуу, Белгисиз, Туздуу) менен туташ экенин аныктаган. Үңкүрдү сокур чегирткелер менен жөргөмүштөр, көлмөлөрүн сокур балыктар менен чаяндар мекендейт.1972-жылы М. ү-нөн Флинт-Риж үңкүрүнө кетүүчү жол табылып, ошондон бирдиктүү Мамонт-Флинт-Риж үңкүр системасы түзүлгөн (жалпы узундугу 587 юиден ашык). 1981-жылы Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Туризм өнүккөн.
