МАМОНТ ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМОНТ ҮҢКҮРҮ (МаттоГИ Сауе) - карст үңкүр системасы, дүйнөдөгү эң узун үңкүрлөрдүн бири; улуттук парк. АКШнын Кентукки шта­тындагы Луисвилл ш-на жакын жерде. Аппа­лачи тоолорунун батыш этегиндеги Флинт кыр­ка тоосунун акиташ тегинде пайда болгон. Үң­күрдө 225 өткөөл, 47 кумпа, 23 терең шахта бар экени аныкталып, алардын жалпы узундугу 74 клгден ашык, тереңдиги 300 м. Жыл сайын спелеолог­дор бир нече жаңы жолдорду ачат. Жер асты­нан аккан суулар Грин-Ривер д-на куят. Үң­күрдүн аталышынын мамонт менен байланышы жок. Англ. таттоИг деген сөз 2 маанини бил­дирет: «мамонттук» жана «чоң». Мында үңкүрдүн

Үңкүрдүн ички көрүнүшү.

көлөмүнүн чоңдугу айтылган. Ал 10 миллион жыл мурун пайда болгон. Биринчи жолу 1797-жылы аме­рикальхктар ачкан. 19-к-дын башында калий селитрасы жана кальций нитраты казылып алын­ган. 1941-жылы М. ү. улуттук паркы түзүлгөн. 1954- 61-жылы спелеол. экспедициялар М. ү-нө жакын жердеги майда үңкүрлөр (Кристаллдуу, Белги­сиз, Туздуу) менен туташ экенин аныктаган. Үң­күрдү сокур чегирткелер менен жөргөмүштөр, көлмөлөрүн сокур балыктар менен чаяндар мекен­дейт.1972-жылы М. ү-нөн Флинт-Риж үңкүрүнө кетүүчү жол табылып, ошондон бирдиктүү Ма­монт-Флинт-Риж үңкүр системасы түзүлгөн (жалпы узундугу 587 юиден ашык). 1981-жылы Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Туризм өнүккөн.