МАМЛЮКТАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЮКТАР (арабча эрксиздер) - Египеттеги түрк, грузин, черкес ж. б. кавказдык аскер-кулдардан куралган гвардия. 1250-жылы Айюбиддерди кулатып, бийликке келген. М. Бахри (көбүнчө түрк тектүүлөр, 1250-1390-жылы башкарган) жана Буржи (негизинен кавказдыктардан турган, 1390-1517-жылы башкарган) династияларынан турган. 13-к-да М. моңголдорду (1260-жылы 3-сентябрда Айн-Жалут алдындагы салгылашта), исмаилит-ассасиндерди талкалап (1273), Палестина менен Сириядан кресттүүлөрдү сүрүп чыккан (1268). 1516-17-жылы түрк султаны Селим 1нин аскерлери Сирия, Египет жана Палестинаны басып алып, М-дын үстөмдүгүн жойгон. Түрк каратууларынан кийин М. Каирдеги түрк пашасына салык төлөп турган. 17-к-дын аягында Осмон империясынын начарлашынан пайдаланып, М. өз бийлигин калыбына келтирген. 1798-жылы М. пирамидалардын жанында болгон салгылашта Наполеондун армиясынан жеңилип, Египет пашасы Мухаммед Алинин (1805-48-жылы башкарган) тушунда кыйраган (1811).