МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДЕР - өлкөнүн пландуу түрдө толукталып, жаңыртылып туруучу материалдык баалуулуктарынын (сырьё, стратегиялык материал, азык-түлүк ж. б.) запасы. Ал табигый кырсык учурунда экономиканы үзгүлтүккө учуратпоо үчүн түзүлөт. М. р. жайгашкан жер мамлекеттик сыр болуп, маалымат берилбейт. М. р. көпчүлүк өлкөлөрдө уюштурулган. Негизги иш-чаралары: калктын керектөөлөрүн камсыздоо; ишкана, уюм-мекемелерге, региондорго (сырьё жана отун-энергетика ресурстарынын негизги түрү, азык-түлүк менен камсыз болуусу) жардам көрсөтөт; ички рынокто сунуш менен талаптын диспропорциясы пайда болгон учурда аны жөнгө салуу жана гуманитардык жардам берүү ж. б.
МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРЙЯ-ЭПИДЕМИОЛОгиялык көзөмёл департаменти
(МСЭКД) - КРдин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитария-эпидемиол. иштерди жүргүзүүчү, санитария-гигиеналык жана эпидемияларга каршы чараларды иштеп чыгуучу жана аларды жүзөгө ашыруучу атайын мекеме. 1926-жылы Фрунзе шаарында 1-жолу безгекке каршы станция ачылган, кийинчерээк борбордук тропикалык станция болуп кайра уюшулган. Андан кийин Пайер станциясы, бактериол. жана тамакаш лабор-лары ачылган. 1950-жылы Респ. санитария-эпидемиол. станция (СЭС) түзүлгөн. 1997-жылы МСЭКД болуп кайра уюшулган. Ал өлкөдө эпидемиол. бейпилдикти камсыз кылуу, санитариялык көзөмөл жүргүзүү, жугуштуу мите, кесип ооруларын алдын алуу жана жоготуу, чөйрөнү булгануудан сактоо чараларын ишке ашырат. Анда методикалык иштерди уюштуруу, мамлекеттик санитариялык көзөмөл жүргүзүү, экспертиза жана лабор-ларды аккредитациялоо бөлүмдөрү, бактериол. жана вирусол. лабор-лар, санитариялык экспертиза ж. б. бөлүмдөр бар. Департаментке обл. шаардык, райондук, мамлекеттик санэпидемиол. көзөмөл, дезинфекция станциялары, Карантин жана өтө коркунучтуу инфекциялар боюнча респ. борбор, ИЖОС боюнча респ. бирикме, Респ. иммундук профилактика борбору, Профилактикалык медицина илимий өндүрүштүк бирикмеси жана мамлекеттик санэпидемиол. көзөмөл баш иет.
С. Т. Абдикаримов.