МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО КОМИТЕТИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО КОМИТЕТИ С С С Рд е (МКК) - Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-45) бардык бийлик топтолгон мамлекеттик жогорку орган. МКК 1941-жылы 30-июнда түзүлүп, төрагасы И. В. Сталин, төраганын орун басары В. М. Молотов, мүчөлөрү Н. А. Вознесенский (1942-жылдан), Л. П. Берия, Н. А. Булганин (1944- жылдан), К. Е. Ворошилов (1944-жылга чейин), Л. М. Каганович (1942-жылдан), Г. М. Маленков, Анын Ичинде Микоян (1942-жылдан) болгон. МКК бардык мекемелердин ишине жетекчилик кылган, өлкөнүн экономикасын согуш муктаждыктарын канааттандырууга багыттоо, адам күчүн фронтко жана эл чарбасына толук тартуу, согуш коркунучу туулган аймактардын ө. ж. ишканаларын эвакуациялоо, бошотулган жерлерде эл чарбасын калыбына келтирүү ж. б. иштерди жүргүзгөн. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылы 4-сентябрдагы чечими менен жоюлган.