МАМЛЕКЕТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТ (арабча мамлака, мамлакат - өлкө, хандык) - белгилүү бир коомду кучагына алган саясий уюм; өз алдынча аймактык ээлиги, калкы жана аны башкаруу, коргоо, ошондой эле ага кызмат өтөө үчүн атайын түзүлгөн бийлик аппараты болот. Илимде же эл аралык укукта «мамлекет» түшүнүгүнүн бирдиктүү жана жалпы таанылган аныктамасы жок. Кийинки илимий адабиятта «баш ийүүгө аргасыз кылган атайын бийлик аппараты бар бир тап же жалпы элдин кызыкчылыгы жана эркин көздөгөн коомдук саясий бийликтин өзгөчө уюму» катары түшүндүрүлөт. В. И. Лениндин аныктамасы боюнча М. - «бир тап экинчи таптын үстүнөн эзип турган машина». БУУ боюнча М. негизинен башка өлкөлөрдүн аны таанышына (башкача айтканда дипломатиялык элчилик ачуу) жараша аныкталат. М-тин качан, кай жерде пайда болгону жөнүндө так маалымат жокко эсе, марксисттик көз караш боюнча М-тин баштапкы формасы (эмгек куралынын өнүгүшү) алгачкы коомдо эле пайда болуп, бирок саясий ж. б. бийлик институттарынын жок болушу менен мүнөздөлгөн. Археол. казууларга караганда эң байыркы М-тер адегенде Чыгыш (азыркы Кытай, Индия), Борбордук Азия жана Ж. Чыгышта (азыркы Ирак, Палестина ж. б.) пайда болгон. Бирок алардын байыртадан берки туруктуулугу сакталган жок; чек аралар дайым өзгөрүп (кеңейип-кыскарып), кээ бир М-тер кыска гана убакыт өмүр сүргөн. Байыркы хунндардын империясынын ордуна Усун мамлекети, Турк кагандыгы, Моңгол империясы, Жуңгар хандыгы, Кокон хандыгы, СССР ж. б. түзүлүп, кайра жоюлуп турган. М-тин башкы функциясы өз элинин жашоосун камсыздоо (өнүктүрүү) болгондуктан, ал коомдук-чарбалык иштерди аткаруу жана аймагын коргоону өз мойнуна алат. Азыркы учурдагы М-тин негизги белгилерине (аймак жана элинен тышкары) конституция, аскердик доктрина, башкаруу аппараты (президент, өкмөт, парламент, сот), коомдук-экономикалык (акча системасы, салык жыйноо) ишмердүүлүк, мамлекеттик тил, мамлекеттик символдор ж. б. кирет. Башкаруу формасы боюнча монархиялык (абсолюттук, чектелген, конституциялык, парламенттик ж. б.); респ. (президенттик, парламенттик, аралаш); монархиялык респ. же респ. монархия ж. б., ал эми мамлекеттик түзүлүшү жагынан унитардык (латынча ипПаз - бөлүнбөс, бүтүн; фр. ипНаНвш); федерациялык (соңку латынча ГоейегаПо - биримдик, уюм; фр. £ейегаПоп); конфедерациялык (латынча сопГоебегаПо - союз, биримдик) болуп бөлүнөт. Булар да өз учурунда майдаланат, башкача айтканда унитардык М. - борборлошкон, борборлошкон эмес, татаал, жөнөкөй, улуттук; федерациялык - аймактык, улуттук, улуттук-аймактык, борборлошкон ж. б.; конфедерациялык - демокр. (социал-демокр., либерал демокр., парламенттик), демокр. эмес (аристократтык, олигархиялык, авторитардык, деспоттук, тоталитардык, тирандык) болуп айырмаланат. Ошондой эле коомдук турмушта М-тин аткара турган ички (укуктук, саясий, уюштуруу, экономикалык, социалдык, маданий, агартуу) жана тышкы (улуттук коопсуздукту камсыздоо, пайдалуу эл аралык мамилени жалгаштыруу ж. б.) функциялары болот. 2007-жылы дүйнөдөгү 193 өлкө М. катары эсептелип, Ватикандан башка 192си БУУнун мүчөсү. 0. эле башка өлкөлөр тигил же бул себептер менен тааныбаган өз алдынча ондогон М. бар.
Ад.: Ленин В. И. Полн. собр. соч., 5-е изд., Т. 39. М., 1958-65; Геллнер Э. Нации и национализм. М. 1991; Общая теория права и государства: Учебник. Под редакциялык Лазарева В. В. М., 1994; С1аеззеп Н. ■<. М. ЗШе //Епсус1оресИа о! СиНига! Ап111горо1о£у. Уо1. IV. Ме\у Үогк. 1996; Гринин Л. Е. Государство и исторический процесс. М., 2007.