МАМИЛЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМИЛЕ - элементтердин белгилүү бир система боюнча жайгашканын жана бири-бирине көз карандылыгын туюндурган философиялык категория; адамдын бир нерсеге карата ээлеген эмоциялыкэрктик өңүтү; ар кандай объектилердин же бир объекттин ар кыл жактарын ойдо салыштырып кароо. М. тийиштүү элементтердин ар кайсы деңгээлиндеги татаал системасын түзөт. Буга
мыйзам мисал боло алат. М. нерселердин сапаттары менен белгилеринин ролун да аткара алат. Коомдук мамилелердин өзгөчө тибин түзөт. Изилдөөнүн системалык методунун ролу жогорулаган сайын М. категориясы илимий зор мааниге ээ болууда. Г. К. Аалиева.