МАМБЕТАКУНОВ Эсенбек: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТАКУНОВ Эсенбек [15. 2. 1944-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы] - педагог, КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (1984). СССРдин эл агартуусунун отличниги (1991), педагогика илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), КР УИАнын корр.

мүчөсү (2000), Германиядагы Эл аралык билим берүүнү гумандаштыруу академиясынын (1995) анык мүчөсү, Россия педагогикалык жана социалдык ИАнын анык мүчөсү (1999). КМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн (1965).
Мектепте мугалим (1965-1971), Фрунзе политех. техникумунда окутуучу (1971-73), Кыргыз педагогикалык ИИИнин аспиранты (1973-76), илимий кызматкери, сектор башчысы (1977-82), КМУда доцент (1982-92), Кыргыз билим берүү институтунун директорунун илимий из. иштери боюнча орун басары (1992- 97), КМУда кафедра башчысы (1994), КРдин илимий диссертациялык кеңешинин төрагасы (1993-95; 2002-04, 2011-жылдан), КУУда Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо интунда окутуунун жаңы технологияларын илимий из. бөлүмүнүн башчысы (1997-2009), Улуттук аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин башчысы (1995-2002). Илимий изилдөөлөрү окуучулардын жана студенттердин илимий түшүнүктөрүн калыптандырууга, предметтерди байланыштырып окутууга арналган. М. 270тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, 9 окуу китеби) автору.
Эмг.: Формирование естественнонаучных поянтий у школьников на основе межпредметных связей. Б., 1991; Физиканы окутуу теориясы жана практикасы. Б., 2004; Педагогиканын негиздери. Б., 2008.