МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу (1897, азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы - 1969, ошол эле жер) - манасчы. М. жаш кезинен «Манаска» абдан кызыккан. 16-17 жашында жомокчу Чоюке айлына келип, кыштап «Манас» айтат. Анын айтуусунда эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяларын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэтикалык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Ошондон тартып М. «Манас», «Семетей» бөлүм-
дөрүнөн үйрөнгөн эпизоддорун эл алдында айта баштайт. Ал өзүндөгү айтуучулук шыктын жаралышын кандайдыр бир сырткы күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. Ошол жылдан 1944-жылы чейин Ысык-Көл обл. драма театрында артист болуп иштеген. М-дан «Манасты» жазып алуу иши 60-жылдары башталган. Эпостун «Манас» бөлүмүнөн: Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Алмамбеттин аңгемеси, Коңурбайдын чабуулу (Чоң казат), Манастын өлүмү деген эпизоддор жазылып алынып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Манасчыда «Семетей» эпосунун сюжеттик системасы жыйынтыктуураак, бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө баяндалат. Эпостогу окуялардын мүнөзүнө жана сюжеттик сызыктын багытына ылайык бир нече топко бөлүнөт: 1) жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу; 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, эли-жерин билиши; 3) Семетейдин Таласка келиши; 4) өз туугандары менен талаш-тартыштары жана кагылыштары; 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү; 6) Семетейдин өлүшү сыяктуу элге белгилүү окуялар то- ■ лук сакталган. Эпостун үчүнчү бөлүгү «Сейтек» эпосундагы окуялар экинчи бөлүктүн уландысы, андан ары өнүктүрүлүшү катары баяндалат. МАМБЕТАКУНОВ Калык Барыктабасович (3. 11. 1952-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу кыш.) - коомдук ишмер. КРдин калкты тейлөө чөйрөсүнө эмг. сиң. кызматкер (2003). Катуу оорудан кийин 16 жашында азиз болуп калган соң, көрбөгөн жана начар көргөн балдардын респ. атайын жатак-мектебин (1971), КМУну (1976) бүтүргөн. 1976-81-жылы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Пржевальск үйрөтүүөндүрүштүк ишканасында жумушчу, директорунун орун басары, 1981-86-жылы Жалал-Абад, 1986- 91-жылы Фрунзе шаарында үйрөтүү-өндүрүштүк ишканаларында директор, 1991-99-жылы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармасынын төрагасы, 1999-, 2005-, 2010-жылы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти. Азия (2001-04), Бүткүл дүйнөлүк (2003-04) азиздер бирикмесинин аткомдорунун мүчөсү. КР Президентинин кеңешчиси (2006-09). КР Улуттук паралимпия федерациясынын вице-президенти, генералдык катчысы, президенти (2005-10). «Кыргызстан майыптар ассоциациясынын» президенти (2008-жылдан), Азия континентиндеги азиздер бирикмесинин вице-президенти (1912-жылдан). 3-даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.