МАМБЕТАИПОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТАИПОВА Шакен (20. 11. 1936, ЫсыкКөл обл., Тоң району, Туура-Там айылы - 16. 7. 1995, Бишкек) - сүрөтчү-кол өнөрчү, акын, 1971-жылдан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Кыял» көркөм өндүрүш бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (1975), КРдин эл сүрөтчүсү (1992). 1970-жылы Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1960- жылдан Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрикасында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен баштаган. 1965-69-жылы Оштогу Жибек комбинатында сүрөтчү, 1969-73-жылы КРдин жергиликтүү ө. ж. министрлигинде башкы сүрөтчү, 1973-76-жылы башкы конструктор болуп иштеген. М-нын «Төөчөн кыз», «Ашкана» (экөө тең 1970), «Мейман күтүү» (1972), «Ак кеме», «Кыз куумай» (1979) ж. б. чий паннолору; «Айдың көл», «Ак бугу» ж. б. шырдактары, «Гүлдөр дүйнөсү» сыяктуу баркытка сайылган саймалары, Ч. Айтматовдун

портрети (1978) ж. б. чыгармалары союздук, респ. жана чет өлкөлөрдөгү (Моңголия, Япония, Америка, Полыпа, Румыния ж. б.) көргөзмөлөрдө жогорку сыйлыктарга ээ болгон. М. - «Кыргыз пейили» (1976), «Кыргыз орнаменти» (1980),
«Ырлар» (1981), «Байыркы жылдыздар» (1984), «Оюмдагы обондор» (1986), «Улуутоолор» (1989) ыр жыйнактарынын автору.