МАМБЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМБЕТ Чокморов (1896, Корумду конушу, азыркы Ысык-Көл обл, Тоң району - 1973, Ысык­Көл обл., Тоң району, Бөкөнбаев кыш.) - манас­чы,

«Манастын» үч бөлүмүн толук айткан чоң манасчы­лардын бири. «Манасты» 20 жашынан айта баштаган. Манас айтуу өнөрүн бир ту­уган таякеси Эшимбек уулу Дөңүзбайдан (1868-1935) үйрөнгөн. Дөңүзбай болсо Тыныбек Жапы уулунан таалим алган. М-тен 1965- 72-жылы «Манас» үчилтигинин бөлүмдөрү 234 500 сап ыр («Манастан» - 131 миң, «Семетейден» - 62 500, «Сейтектен» - 41 миң) КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Ма­нас» секторунун кызматкерлери тарабынан жа­зылып алынып, Кол жазмалар фондусунда сак­талып турат. М-тин айткан вариантында «Ма­нас» эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуя­лар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жа­кын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мо­тивдерди талкуулоо жана сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча башка варианттардан мүнөздүү айырма­чылыкка ээ. Ал - С. Каралаевдин вариантынан кийинки толук кагазга түшкөн вариант. Анда сюжеттик система башка толук жазылган ва­рианттардыкы менен негизинен бирдей болсо да, айрым окуялар олуттуу өзгөргөн, жаңыланган түрдө баяндалат.