МАМАСАИДОВ Абдумуталиб Ташалиевич: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМАСАИДОВ Абдумуталиб Ташалиевич (5. 7. 1964-жылы туулган, Ош обл., Араван району, Араван айылы) - терапевт, медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (2001). КММИни (1987), РФтин Волгоград клиникалык жана эксперименттик ревмотология ИИИнин докторантурасын (1997) бүтүргөн. Пермь медин-тунун филиалында ассистент, Волгоград медициналык академиясында доцент, ОшМУда профессор, кафедра башчысы, 1999-жылдан Респ-лык медициналык жана фармацевт кызматкерлеринин билимин үзгүлтүксүз жогорулатуу борборунун Ош филиалынын директору. Ички оорулар жана ревмотология боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 3 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Симптомы, синдромы и симптоматология внутренних болезней. Ош., 2001.