МАЛЬТУСЧУЛУК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛЬТУСЧУЛУК - калайык тууралуу демогр. теория. 18-к-дын аягында англ. экономист Т. Р. Малътус түзгөн. Анын пикйри боюнча калк геометриялык прогрессия менен көбөйсө, жашоо каражаты арифметикалык прогрессия менен өсөт. Эпидемия, согуш ж. б. кырсык аркылуу гана адам саны менен жашоо каражатын дал келтирүүгө болот. Ошондой эле Африка менен Азия өлкөлөрүндөгү калктын тез өсүшү адамзатка коркунуч туудурат имиш
дегенетикалык А. Пикок, К. Боулдинг жана У. Фогт (АКШ), Ф. Осборн (Улуу Британия), Г. Вутуль (Франция) ж. б. неомальтусчулар өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү калктын тез өсүшү Мальтус теориясын далилдейт деп ынандырууга аракеттенишет. Чындыгында бул өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын оңолушу, медициналык тейлөөнүн жакшырышы, натыйжада өлүм-житимдин азайышы азыркы демографияга шарт түзүп жатат. Демографияны жөнгө салуу балдардын төрөлүшүн азайтуу менен эмес, комплекстуү жана прогрессчил социалдык-экономикалык кайра куруу, адам турмушун, эмгек шартын жакшыртуу аркылуу чечүү керек. Бүгүнкү күнү өнүгүп жаткан мамлекеттердеги калктын тез өсүшү мезгил-мезгил менен М-тун модификациялык формаларынын кайра жанданып турушуна түрткү берет жана М. теориясы классикалык экономикалык теориянын негизги курамдык бөлүгү деп каралат.
Ад.: РябинЯ. И. Теории народонаселения. М., 1972; Медоуз Д. X., Медоуз Д. Л„ Рандерс И. За пределами роста. М., 1994.