МАЛЬТОЗА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛЬТОЗА, угут канты,
C12H22O11 — глюкозанын эки калдыгынан турган дисахарид. Түссүз кристалл зат, сууда жакшы эрийт, спиртте эрибейт. Калыбына келтиргич касиетке ээ. Тирүү организмде амилоза ферментинин таасири менен крахмалдын ажырашынан пайда болот. Айрыкча өнгөн данда көп. Синтез жолу менен Б-глюкозадан алынат. М. аралык продукт катары картошкадан спиртти алууда пайда болот. М. арак, пиво чыгарууда, тамак ө. ж-нда мальтоза патокасы түрүндө колдонулат. Тазаланган М. микробиологияда пайдаланылат.