МАЛЬТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛЬТА, Мальта Республикасы­Түштүк Европадагы арал мамлекет. Жер Ортолук деңиздин борбордук бөлүгүндө, Мальта архипелагын­да, Сицилия а-нан 93 км, Тунистен 230 км (Аф­риканын түндүк жээги) аралыкта жайгашкан.

Аянты 316 к.и2. Калкы 413,0 миң (2010). Борбо­ру - Валетта ш. (калкы 9,3 миң). Администрациялык-аймактык жактан 68 округга (анын 54% и Мальта а-нда,

14% и Гоцодо) бөлүнөт. Акча бирдиги - евро (2008-жылдын 1-январынан).

М. - БУУнун (1964), Европа Советинин (1965), ЭВФтин (1968), ЕККУнун (1973), Эл аралык ре­конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1983), Эл аралык соода уюмунун (1995), Европа союзу­нун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1964-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парла­менттик республика. Мамлекет башчысы - пре­зидент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы). Аткаруу бий­лиги президент, премьер-министр жана министр­лерден турган өкмөткө (кабинет) таандык. М-да көп партиялуу саясий система орун ал­ган. Негизги саясий партиялары - М. лейборист­тик партиясы, Улуттук партия.

Т а б и я т ы.

Мальта архипелагы 3 чоң (Маль­та, Гоцо, Комино; ушул аралдарда гана эл оту­рукташкан) жана бир нече майда аралдардан ту­рат. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн плато (бийикт.

Гоцо аралы.

253 м; Мальта а-нда) ээлейт. Климаты жер ор­толук деңиздик. Кышы жумшак жаан-ча­чындуу, жайы ысык, кургак. Февралдын орт. температурасы 12°С, августтуку 25°С. Жылдык жаан­чачыны 530 мм. Топурагы кызыл, күрөң. Ант­ропогендик фактордун мааниси чоң. Табигый өсүмдүктөрү кайрадан өсүп, жапыз бадал тү­рүндө (маквия, европа зайтуну, мисте, сүт ти­кендер ж. б.) кездешет. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (кол канаттуулар, кит сыяктуулар), уялоочу куштардын ЗОдан ашык (көк чыйыр­чык), сойлоочулардын 18 (анын ичинде кескелдириктер), жерде-сууда жашоочулардын бир (жалпак тилдүү бака) түрү мекендейт. Аралдын аймагы­нын 13% ин коргоого алынган табигый (таби­гый резерваттар, орнитология заказниктери ж. б.) жана деңиз аймактары (11 км2ин) ээлейт. Бул аймактардын көпчүлүгү жалпы европалык «Жа­ратылыш-2000» жана «Жакут» экол. түйүнүнө киргизилген. Гадира жана Ис-Сирам суу-саздуу аймактары эл аралык мааниге ээ.

К а л к ы н ы н

негизин мальталыктар түзөт (95%), ошондой эле англистер, австралиялыктар, ита­ляндар да жашайт. Мамлекеттик тили - мальта жана англис тилдери. Католик динин (англикандар, методисттер, адвентисттер) тутат. Орт. жышты­гы 1 км2

жерге 1307 киши (дүйнөдө өтө жого-

Мальтанын чыгышындагы Марсаскала курорт шаа­ры.
Image

ру). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркек­териники - 77,4 жаш, аялдарыныкы - 82,1. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 адамга 13,22), өлүм-житим ЮООге 7,43 (жаш балдардын өлүмү төмөн, ЮООге 3,7). Шаар калкы 95% (2010). Ири шаарлары: Биркиркара, Моста, Сан-Пауль-иль­Бахар, Корми (баары Мальта а-нда).

Т а р ы х ы.

М-да алгачкы тургун жайлар биздин заманга чейинки 5-миң жылдыкта пайда болгон. Биздин заманга чейинки 8-к-да М. финикийлерге, 6-к-да карфагендиктер­ге, 218-жылы римдиктерге, биздин заманга чейинки 533-535-жылы Ви-

Мальтадагы Гхар-Далам үңкүрү. Мындан 7400 жыл мурдагы алгачкы адамдардын тургун жайы.

зантияга, 870-1091-жылы арабдарга, 1127-жылы Си­цилия королдугунун курамына кирген. 1530-жылы М. а. Иоаннит орденинин ээлигине өткөн. Мальталыктардын өз алдынча мамлекети (бор­бору - Валлетта) болуп, туруктуу армиясы жана мамлекеттик аскер-деңиз инфраструктурасы түзүлгөн. А. ч. өнүккөн, кеме куруп, тыйын чыгарыш­кан. 1592-жылы Валлеттада иезуит семинариясы ачылган, 1692-жылы китеп басып чыгарылган. 16-17-к-да М-нын калкынын саны өскөн. М. 1798-жылы Францияга баш ийген. 1800-жылы аралды Улуу Британия өз колониясына айлантып, ас­кер-деңиз базасын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан (1939-45) кийин өлкөдө массалык де­монстрациялар жана митингдер күч алгандыктан, Англия 1964-жылы 21-сентябрда Британ Шерик­тештигинин чегинде М-га көз карандысыздык­ты берүүгө мажбур болгон. Өлкөнүн конститу­циясы кабыл алынып, БУУга мүчө болуп кир­генетикалык Вирок Улуу Британия М-га «Биргелешип коргонуу жөнүндөгү» келишимди таңуулап, аны НАТОнун согуш базасына айландырган. Ан­глиянын колониялык үстөмдүгүнүн кесепетинен М-нын абалы өтө начарлаган. 1971-жылы жалпы шайлоодо Лейбористтер партиясынын Д. Мин­тофф башкарган өкмөтү бийликке келип, М-нын өз алдынчалыгын чыңдоо боюнча чаралар колдон­гон. 1974-жылы М. Респ-сы жарыяланып, 1979-жылы британиялык аскер базасынын жабылышы менен Шериктештиктин курамынан чыккан. Лей­бористтер аялдар менен эркектер үчүн бирдей эм­гек акы киргизүү, ишканаларды улутташтыруу, мамлекеттик чыгымдарды токтотуу ж. б. кайра куруу иштерин жүзөгө ашырган. 1981-жылы М. өзүн бей­тарап мамлекет деп билдирип, Ливия, Тунис ж. б. араб өлкөлөрү менен мамилесин активдеш­тирген. 1987-жылы шайлоодо Улутчул партия (УП) көпчүлүк добушка ээ болуп, чет элдик капи­талды көбөйтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле М-нын Европа советине интеграциясына багыт­талган саясат жүргүзүп, 1995-жылы НАТО програм­масына кошулган. 2008-жылы бийлик лейборист­тердин колуна өтүп, 2009-жылы лейборист Ж. Абе­ла М. президенти болуп калган. 2004-жылдан ЕСтин, 2008-жылдан Евро зонасы менен Шенген зонасынын мүчөсү.

Ч а р б а с ы.

М. орт. өнүккөн мамлекеттер­дин катарына кирет. ИДПнин көлөмү 10,2 миллиард долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 25,1 миң доллардан туура ке­лет (2010). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 80,6, ө. ж-дыкы 18, а. ч-ныкы 1,4. М. - Европадагы туризмдин (жылына 1 млндон ашык), банк-финансы иштеринин жана транспорт­торду (транзит кемелер менен самолётторду) тейлөөнүн борбору. Кирешенин маанилүү бөлүгү М-нын желеги менен жүргөн кемелерден (1,4 миң, дүйнөдө 4-орунда) түшөт. Электроника (компью­тер, автомобилдерди чогултуу), электр-техникалык, ка­газ жана полиграфиялык (банкнот, баалуу кагаздар жана биометрика паспорттору басылат), химиялык, фар­мацевтика, тигүү (негизинен жинсы кездемеси­нен), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалоо, шарап, тамеки ж. б.), булгаары-бут кийим ишканалары иштейт. Кеме куруу жана оңдоо, ка­рапачылык өнүккөн. А. ч-нын негизги тарма­гы - жашылчачылык (жашылча-жемиш, картөшкө). Жүзүмчүлүк жана шарап жасоо жол­го коюлган. Уй, кой, эчки жана чочко асыралат. Т. ж. жок. Автомобиль-‘жолунун узундугу 2227 км (2005). Башкы деңиз порттору - Валетта, Мар­сашлокк. Сыртка ө. ж. продукцияларын чыга­рат. Негизги соода шериктери: Италия, Герма­ния, Франция.

Билим берүү системасы мектепке чейин­ки тарбиялоону, милдеттүү 11 жылдык орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаш­тан жогору калктын сабаттуулугу 92,8% (2008). М. университети (1592), М. искусство коллежи, Илим жана технология институту (2000), Туризм институту (1987) ж. б. окуу жайлары, ошондой эле Улуттук китепкана (1555) жана музейлери бар. Мальта тилиндеги «Ь-Ог122оп1», «1п-Ма22)оп», англ. тилиндеги «ТЬе Тттез о£ Ма11а», «П-Оепз», «И-Тогса», «II Мп­теп1», «Ки11Ьа<1<1», «ТЬе 8пп<1ау Т1тез» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1935- жылдан, телекөрсөтүүсү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги жок.

Малъталыктардын адабияты мальта, ошондой эле ита­лян жана англис тилдеринде өнүгүүдө 15-к-да мальта тилиндеги эң байыркы эстелик «Канти­лена» ыры, диний проза жанры пайда болгон. 19-к-дан тарыхый, готикалык роман жанрла­ры, 20-к-дан драматургия өнүккөн.

16-18-к-дан фортификациялык курулуштар (бастиондор, равелиндер, кароол мунаралары, Гоцо айылындагы Викториядагы чеп, Чиркеуа пор­туна жакын турган кызыл мунара, 1648) салын­ган. Британ үстөмдүгүнүн доорунда (1800-1964)

форттор тургузулуп (Ыйык Леонарддын, 1872, ж. б.), соңку классицизм, неоклассицизм сти­линдеги имараттар курулган. Көркөм сүрөт жана жасалга-колдонмо искусствонун (картиналар, дубалдагы сүрөттөр, жасалга скульптура, гобе­лендер) өнүгүшүнө 16-17-к-да М. П. д’Алессио (Мальта орденинин гроссмейстер сарайындагы сүрөт жана Валеттеги чиркөө алтарлары) ж. б. зор салым кошкон. 20-к-дын 2-жарымында «Азыркы искусство тобу» бирикмесинин сүрөтчү­лөрү: Ж. Каллейя, Ж. Прека, А. Инглойт, Э. Кремона ж. б. эмгектенишкен.