МАЛОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛОВ Сергей Ефимович [4 (16). 1. 1880, Казан - 6. 9. 1957, Ленинград] - түрколог, орус окумуштуусу, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1939), Санкт-Петербург университетиндеги Чыгыш тилдер факультетинин

араб-перс-түрк-татар бөлүмүн бүтүргөн (1909). 1909-жылы В. Радловдун сунушу боюнча Батыш жана Борбордук Кытайга түрк тилдүү уруулардын (сары уйгурлардын, саларлардын, лобнорлуктардын жана хамийликтердин) тилин, фольклорун жана этнографиясын изилдеген. Биринчи саякаты учурунда (1910) Гансу провинциясынан түркологиянын алтын фондуна кирген уникалдуу уйгурча кол жазма «Алтын йарукту» тапкан жана аны В. Радлов менен бирге жарыялаган (1913-17). Ал байыркы түрк рун жана уйгур эстеликтерин изилдеген окумуштуу, чыгаан педагог-түрколог катары таанылган. М. Енисей, Моңголиядагы, Таластагы байыркы түрк (рун) эстеликтерин изилдеп, котормолорун, комментарийлерин биринчилерден болуп жарыялаган. Чүй өрөөнүнөн табылган несториан эстеликтеринин (12-13-кылым) түрк тилинде жазылган тексттерин жана Таластагы Ачык-Таш айылынан эски шурфтан табылган кичинекей жыгач таякчадагы байыркы түрк (рун) тамгасына окшош жазууну да биринчи окуп, котормосун сунуш кылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.; Л., 1952; Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л., 1959; Уйгурское наречие Синьцзяна. Тексты, переводы, словарь. М., 1961; Язык жёлтых уйгуров. Тексты и переводы. М., 1967.
Ад.: Убрятова Е. И. 0 научной и общественной деятельности С. Е. Малова//Тюркологический сборник. М., 1951; Насилов Д. М. О жизни и творчестве С. Е. Малова//Тюркологический сборник. М., 1975.