МАЛИНОВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛИНОВСКИЙ Родион Яковлевич [11(23). 11. 1898, Одесса - 31. 3. 1967, Москва] - советтик аскер

ишмери, Советтик Союз. маршалы (1944), эки жол­ку Советтер Союзунун Баатыры (1945, 1958). 1-дүйнөлүк жана жарандык согуштун ка­тышуучусу. 1930-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер акаде­миясын бүткөн. 1916-жылы орус экспедициялык корпусунун курамында Францияга жи­берилген. 1919-жылы Россияга кайтып келип, Кызыл Ар­миянын катарына кирген. 1917-22-жылы жарандык со­гушта 27-аткычтар дивизия­сында А. В. Колчак аскер­лерине каршы күрөшкөн. 1937-38-жылы Испания­дагы жарандык согушка республикалык өкмөт тарапта катышкан. 1939-жылдан М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясында окутуучу болуп иш­теген. 1941-жылдын март айынан 48-аткычтар корпусунун командачысы. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнь айынан катышкан. 1941-жылдын август айынан 6-армиянын, 1941- жылдын декабрынан 1942-жылдын июлуначе­йин Түштүк фронттун, 1942-жылы августтан октябрга чейин 66-армиянын командачысы, 1942-жылы ок­тябрь - ноябрь айларында Воронеж аскер фрон­тунун командачысынын орун басары, ноябрь айынан 2-гвардиялык армиянын командачысы, 1943-жылдын февралынан Түштүк фронттун, март­тан Түштүк-Батыш фронттун (1943-жылы 20-октябр­дан З-Украин фронту деп аталган) аскер коман­дачысы болуп, Украинанын он жээгин, Донбас­сты, 1944-жылдын май айынан 1945-жылдын май айына чейин 2-Украин фронтунда Румы­ния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияны фашист немистерден бошоткон. 1945-жылдын июлунан Забайкал фронтунда аскер команда­чысы катары Япониянын Манжуриядагы ар­миясын талкалашкан. 1945-47-жылы-Забайкал­Амур, 1947-53-жылы Ы. Чыгышта башкы коман­дачы, 1953-56-жылы Ыраакы Чыгыш аскер округунда командачы, 1956-57-жылы СССР Коргоо министри­нин 1-орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1957-67-жылы СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Сове­тинин (2-7-шайланышынын) депутаты. Сөөгү Кызыл Аянтта Кремль дубалына коюлган. «Ал­тын Жылдыз» медалы, 5 Ленин ордени, Жеңиш, 3 Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Суворов, 1-да­ражадагы Кутузов ордендери, чет мамлекеттер­дин 16 ордени менен сыйланган. Одессада коло­дон бюсту тургузулган. Ысмы Москва, Киев ж. б. ш-дын көчөлөрүнө коюлган.

Ад.: Голубович В. С. Маршал Малиновский. Киев, 1988.