МАЛЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛЕ — Мальдив Респ-нын борбору, шаар. Администрациялык жактан борбордук округду түзөт. Инди океанында­гы Мальдив а-нын борбордук бөлүгүндөгү Түштүк Мале атоллунда жайгашкан. Калкы 123,4 миң (2010; өлкөнүн калкынын 40%). Эл аралык аэропорту (1960; Хулуле а-нда) бар. Мальдивдеги жалгыз порт (сыртка кургатылган балык, кокос жаң­гагы, копра чыгарылат). Шаардын кайсы мез­гилде пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. 1553-73-жылы Португалиянын ээлиги Цей­лондун администрациясы тарабынан көзөмөл­дөнүп турган. 1887-жылдан Улуу Британиянын протектораты. 1965-жылдан көз каранды эмес Мальдивдин (1968-жылдан Мальдив Респ-нын)

Шаардын жалпы көрүнүшү.

курамында. Шаардын айрым жерлеринде 1-2 кабаттуу турак жайлар сакталып, алардын ду­балдары шуру (коралл) таштарынан курулуп, чатырлары саман же бамбук менен жабылган. Арх­ралык эстеликтеринен Хукуру-Миский мечити (1338, минарети 1675), жума намазга жыгылуу­чу ислам борбор комплекси (1984), Муле-Аге ак сарайы (1906), Улуттук университет (2008; анын астын­да бир нече институттар жана окуу борборлору), улут­тук музей (1952), калк китепканасы (фонду 12 миң том) бар. Ислам динин окутуу милдеттүү түрдө киргизилген. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү (туризм бизнеси, финансы кыз­маты жана соода) басымдуу. Балык белендөөчү иш­канасы, текстиль, белек-бечкек өндүрүшү иш­тейт. Кол өнөрчүлүк (үлүлдөн, жыгачтан, акула­нын тишинен буюмдар жасалат; килемче току­лат) өнүккөн. Курорт (дайвинг, сафари) иштейт.