МАЛЕ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛЕ — Мальдив Респ-нын борбору, шаар. Администрациялык жактан борбордук округду түзөт. Инди океанындагы Мальдив а-нын борбордук бөлүгүндөгү Түштүк Мале атоллунда жайгашкан. Калкы 123,4 миң (2010; өлкөнүн калкынын 40%). Эл аралык аэропорту (1960; Хулуле а-нда) бар. Мальдивдеги жалгыз порт (сыртка кургатылган балык, кокос жаңгагы, копра чыгарылат). Шаардын кайсы мезгилде пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. 1553-73-жылы Португалиянын ээлиги Цейлондун администрациясы тарабынан көзөмөлдөнүп турган. 1887-жылдан Улуу Британиянын протектораты. 1965-жылдан көз каранды эмес Мальдивдин (1968-жылдан Мальдив Респ-нын)
курамында. Шаардын айрым жерлеринде 1-2 кабаттуу турак жайлар сакталып, алардын дубалдары шуру (коралл) таштарынан курулуп, чатырлары саман же бамбук менен жабылган. Архралык эстеликтеринен Хукуру-Миский мечити (1338, минарети 1675), жума намазга жыгылуучу ислам борбор комплекси (1984), Муле-Аге ак сарайы (1906), Улуттук университет (2008; анын астында бир нече институттар жана окуу борборлору), улуттук музей (1952), калк китепканасы (фонду 12 миң том) бар. Ислам динин окутуу милдеттүү түрдө киргизилген. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү (туризм бизнеси, финансы кызматы жана соода) басымдуу. Балык белендөөчү ишканасы, текстиль, белек-бечкек өндүрүшү иштейт. Кол өнөрчүлүк (үлүлдөн, жыгачтан, акуланын тишинен буюмдар жасалат; килемче токулат) өнүккөн. Курорт (дайвинг, сафари) иштейт.
