МАЛГУНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛГУНДАР (Сис1оро1с1а) — калак бут рактар­дын түркүмү. Узундугу 1-8 мм. Денеси баш, көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Денесинин алдынкы бөлүгүндө оозу, жалгыз көзү, жуп муруту, му­рутчалары жайгашкан. Мурут жана мурутчала­ры сезгич түтүктөр менен жабдылган. Алар жыт сезүү жана кыймылдоо -кызматын аткарат. Бүт денеси аркылуу дем алат. Ургаачысынын кур­сагынын астында 2 энелик капчыгы болуп, ага жумурткасын тууйт. 250 түрү көбүнчө туз­суз суу түбүндө, суу түбүндөгү өсүмдүк ара­сында жашайт; бир азы - планктондор. Көбү - жырткычтар, майда омурткасыздар жана өсүмдүктөр менен азыктанат. Кээ бир деңиз М-ы жарык чыгарат. Айрымдары балык жана омурткасыздарга мителик кылат. Кээ бири - мите курттардын аралык ээси. Балыктарга жем.