МАЛ БОРДОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛ БОРДОО - тирүүлөй салмагын, этинин даамын, сиңимдүүлүгүн арттыруу, жүнү менен терисинин сапатын жакшыртуу максатында малды күчтүү тоюттандыруу. Бордоого малдын бардык түрү (уй, кой, чочко ж. б.) коюлат. Чоң жана жаш (козу, торпок ж. б.) малды бордогондо суткалык кошумча салмагы көбөйүп, тез эттенет. Борго коюлган малды сойгондо таза эти тирүүлөй салмагынын басымдуу үлүшүн түзөт. Малдын жакшы бордолушу анын тукуму, түрү, эттүүлүгү, тоюттун курамы жана рациондун туура түзүлүшүнө байланыштуу болот. Эт багытындагы малды бордоо көбүрөөк пайдалуу. Өзгөчө жаш малды бордоо экономикалык жактан жакшы натыйжаларды берет.