МАЛА ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛА ХАН, Малля хан, М а л а б е к (1832- 1862) - Кокон хандыгынын ханы (1858-62). Ше­раалы хандын уулу, Кудаяр хандын аталаш ага­сы. Мусулманкулдун жардамы менен бийликке келген. Кудаяр хан кыпчак кыргынынан кийин өзбектерге (сарт) таянып, кыргыз, кыпчактар­га кысым көрсөтө баштаганда (салыктардын көбөйүшү, саясий зомбулуктун күчөшү ж. б.) нааразы болгон кыргыз, кыпчактар биригип, Алымкул аталык, Алымбек датка башында турган топ түзүлгөн. Алар 1858-жылы ноябрда Мар­галаң шаарынын жанынан Кудаяр хандын колун талкалап, такка М. х-ды отургузушкан. М. х. саясий бийлигин жана аскер күчүн чыңдоого ки­ришип, хандыктын ички абалын тартипке кел­тирген. Анын тушунда кыргыздардан Алымбек датка, Алымкул аталыктар жогорку мансаптар­ды ээлешкен. 1862-жылы февралда М. х. Кудайбер­ген чолок (Мусулманкулдун тууганы) жана Ке­римкул паңсат колдуу болуп өлгөн. М. х. өлгөн­дөн кийин саясий күрөш кайрадан күчөп, Ка­наат шаа, Өтөмбай датка, Мухаммед Мусабек ж. б. адегенде Шамурадды, кийин Сейитсул­танды такка отургузушкан.

Ад.: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга ка­ратылышы. Б., 1997; ошол эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.