МАЛА ХАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАЛА ХАН, Малля хан, М а л а б е к (1832- 1862) - Кокон хандыгынын ханы (1858-62). Шераалы хандын уулу, Кудаяр хандын аталаш агасы. Мусулманкулдун жардамы менен бийликке келген. Кудаяр хан кыпчак кыргынынан кийин өзбектерге (сарт) таянып, кыргыз, кыпчактарга кысым көрсөтө баштаганда (салыктардын көбөйүшү, саясий зомбулуктун күчөшү ж. б.) нааразы болгон кыргыз, кыпчактар биригип, Алымкул аталык, Алымбек датка башында турган топ түзүлгөн. Алар 1858-жылы ноябрда Маргалаң шаарынын жанынан Кудаяр хандын колун талкалап, такка М. х-ды отургузушкан. М. х. саясий бийлигин жана аскер күчүн чыңдоого киришип, хандыктын ички абалын тартипке келтирген. Анын тушунда кыргыздардан Алымбек датка, Алымкул аталыктар жогорку мансаптарды ээлешкен. 1862-жылы февралда М. х. Кудайберген чолок (Мусулманкулдун тууганы) жана Керимкул паңсат колдуу болуп өлгөн. М. х. өлгөндөн кийин саясий күрөш кайрадан күчөп, Канаат шаа, Өтөмбай датка, Мухаммед Мусабек ж. б. адегенде Шамурадды, кийин Сейитсултанды такка отургузушкан.
Ад.: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; ошол эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.