МАЛАЙЗИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(7 intermediate revisions by 2 users not shown)
329-сап: 329-сап:
<p>
<p>
==<strong data-text-type="type_2_section_header">Тарыхы. </strong>==
==<strong data-text-type="type_2_section_header">Тарыхы. </strong>==
М. аймагында адам алгачкы палео­лит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы - негр-австралоид уруулары. Азыркы малайлар­дын ата-бабалары М-га <abbr data-short="б. з. ч." data-full="биздин заманга чейинки" data-extended="true">биздин заманга чейинки</abbr> 1-к-дын башын­да <abbr data-short="Борб." data-full="Борбордук" data-extended="true">Борбордук</abbr> Суматрадан келген. <abbr data-short="Б. з. ч." data-full="Биздин заманга чейинки" data-extended="true">Биздин заманга чейинки</abbr> 5-6-к-да Индия, Кытай <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Фунань <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалар­дан алгачкы феодалдык мамлекет пайда бол­гон. 15-16-к-да М. аймагы Малакка султанды­гына баш ийген. 1511-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> <abbr data-short="М-н" data-full="Менен" data-extended="true">Менен</abbr>ы португалдар, 1641-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> нидерланддар басып алган. М-нын ба­тыш аймагында (Малайяда) бир нече султан­дык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756-58, 1983-87-ж-дагы согуштардан кийин голланддар­га баш ийген. 18-к-дын аягында <abbr data-short="М-н" data-full="Менен" data-extended="true">Менен</abbr>ы англ. ко­лониячылар басып ала баштаган. 1888-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> Сар-</p>
М. аймагында адам алгачкы палео­лит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы - негр-австралоид уруулары. Азыркы малайлар­дын ата-бабалары М-га <abbr data-short="б. з. ч." data-full="биздин заманга чейинки" data-extended="true">биздин заманга чейинки</abbr> 1-к-дын башын­да <abbr data-short="Борб." data-full="Борбордук" data-extended="true">Борбордук</abbr> Суматрадан келген. <abbr data-short="Б. з. ч." data-full="Биздин заманга чейинки" data-extended="true">Биздин заманга чейинки</abbr> 5-6-к-да Индия, Кытай <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Фунань <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалар­дан алгачкы феодалдык мамлекет пайда бол­гон. 15-16-к-да М. аймагы Малакка султанды­гына баш ийген. 1511-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> М-ны португалдар, 1641-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> нидерланддар басып алган. М-нын ба­тыш аймагында (Малайяда) бир нече султан­дык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756-58, 1983-87-ж-дагы согуштардан кийин голланддар­га баш ийген. 18-к-дын аягында М-ны англ. ко­лониячылар басып ала баштаган. 1888-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> Сар-</p>
<p>
<p>
</p>
</p>

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАЛАЙЗИЯ (Ма1аув1а), Малайзия Феде­р а ц и я с ы (РегзекиШап Тапак Ма1аув1а, англ. ЕейегаПоп 01 Ма1ауз1а) - Түштүк-Чыгыш Азияда­гы мамлекет. Түштүк Кытай деңизи экиге (ба­тыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш М. Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Лан­кави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Тай­ланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океан­дын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу ин-

донезиялык Суматра а-нан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур а-нан бөлүнүп турат. Чыгыш М. Калимантан а-нын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аян­ты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 миллион (2011). Борбору - Куала-Лум­пур (улуттук жана мыйзам чыгаруу борбор, пар­ламент жана монархтын резиденциясы). М-нын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган администрациялык борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Администрациялык-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губерна­торлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги - малайзия ринггити.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Администрациялык бирдик

Аянты, кж2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Штаттар

Султандыктары:

Жохор

18986

3149,2

Жохор-Бару

Кедах

9426

1873,5

Алор-Сетар

Келантан

14943

1423,8

Кота-Бару

Паханг

35965

1462,4

Куантан

Перак

21005

2173

Ипох

Селангор

7910

6407,7

Шах-Алам

Тренгану

12955

1016,6

Куала-Тренгану

Княздыктары:

Негери-Сембилан

6643

989,7

Серембан

Перлис

795

215,5

Кангар

Губернаторлук-

тары:

Малакка

1650

709,4

Малакка

Пинанг

1046

1400,1

Жоржтаун

Сабах

73620

3463,1

Кота-Кинабалу

Саравак

124449

2446,5

Кучинг

Федерация

аймактары

Куала-Лумпур

243

1469

Куала-Лумпур

Лабуан

92

93,9

Бандар-Лабуан

Путражая

46

50

Путражая

М. - БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструк­циялоо жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнө­лүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - федерациялык мамлекет. Конституциясы 1957-жылы (1963-жылы то­луктоолор киргизилген) кабыл алынган. Баш­каруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Ат­каруу бийлигин премьер-министр башында тур­ган министрлер кабинети ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Баш­каруучу саясий партиялары: Улуттук фронт, Ис­лам партиясы, Демокр. кыймылдар партиясы ж. б.

Табияты.

М-нын табиятынын жана рельефи­нин өзгөчөлүгү көп учурда анын обочолонгон эки аймакта жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал экватордук алкакта жатат. Малакка жарым аралынын көбүн дөңсөөлөр, жапыз жана бөксө тоолор (би­йикт. 1000-2000 м; эң бийик жери Тахан тоо­сунда, 2190 м). Көпчүлүк бөлүгү саздак келип, мангр өсүмдүктөрү өсөт. Калимантан а-нын жээ­ги булуң-буйткалуу, ички бөлүктөрү тоолуу (эң бийик жери 4101 м). Айрыкча түндүк-чыгышы (түштүктөн түндүктү көздөй жайгашкан булуң­дарда: Дату, Бруней, Маруду, Лабук, Дарвел, Тавау ж. б.) шуру (коралл) рифтери менен кур­чалган. Малакка жарым аралынын жээгинде туурасы 15-80 кмге жеткен жана көпчүлүк бөлүгү саздуу аллювий-деңиздик жана дельта түздүктөрү орун алган. Калимантан а-нын жээк тилкесинин туу­расы 60 клгге жеткен аллювий-деңиздик түздүк­төр менен курчалган. Аралдын борбордук бөлүгүндөгү түздүктөр дарыя өрөөндөрү менен тилмеленип, дөң­сөөлөр (орт. бийиктиги 300 м) менен алмашат. Ин­донезия менен болгон чек арасында субкендик (Ка­пуас-Хулу тоо кыркасы) жана субмеридиан ба­гытында жаткан бийиктиги 2000-2400 мге жет­кен тоо кыркалары орун алган. Эң бийик жери - Кинабалу чокусу (бийиктиги 4101 м). Жарым арал­дын тоолуу борбордук жана-* түндүк бөлүктөрүндө жана Калимантан айылындагы тоолордо (Саравак штаты) дүйнөдөгү эң чоң (Саравак) карст үңкүрлөрү орун алган. М-да калай (дүйнөдө 3-орун), жез, темир, боксит, нефть жана табигый газ (Түштүк Кытай де­ңизиниң шельфинде), таш көмүр, алтын, мар­ганец, вольфрам, сейрек кездешүүчү элементтер ж. б. кендер бар. Климаты түндүгүндө субэква­тордук муссондук, көпчүлүк бөлүгүндө экватор­дук нымдуу. Абанын орт. айлык температурасы жыл бою аз гана өлчөмдө өзгөрөт. Түздүктөрдө 25- 27°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү бир кый­ла жогору: жээк тилкеде 5-10°С, түздүктөрдө 8- 12°С. Жылдык жаан-чачыны жээк тилкесинде

Кинабалу тоосу.

2000-3000 мм, тоолордо 5000 лгжден жогору.

Жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. М-да кыска, би­рок суусу мол дарыялар көп. Нөшөрлөгөн жаан­чачын учурунда дарыя сууларынын көлөмү кес­кин көбөйөт. Ири дарыялары Ражанг (563 км), Барам402 км), Кинабатанган (560 км) ж. б. Айрым дарыяларында кеме жүрөт, бирок алар­дын дельталары саздак. Эң чоң көлү - Алаот­ра. Тоолорунда кооз шаркыратмалар кездешет.

Гунунг-Мулу улуттук паркындагы Карст ландшаф­тынын көрүнүшү.

М-да бОтан ашуун суу сактагыч курулган. Күрсүз кызыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик пла­тодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Ошондой эле мангр шортоң топурагы да кездешет. Токойлор өлкөнүн аянтынын 63,6%ин ээлейт. Нымдуу экватордук, субтропиктик токойлор ж. б. өсөт. Өсүмдүктөрү - дээрлик эндемиктер. Эң башкы экол. көйгөйлөрүнүн бири токой аянттарынын кескин кыскарып жатканы. Биол. ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Флорасынын ку­рамында өсүмдүктөрдүн 15,5 миң түрү (анын ичинде бак­дарактын 2650, орхидеянын 800 түрү; жоголуп кетүү аЛдында турган өсүмдүктүн түрү 680) бел­гилүү. Сүт эмүучүлөрдүн 330 (анын 50сү жоголуп кетүү алдында), канаттуулардын 750 (40), сой­лоочулардын 388 (21), жерде-сууда

жашоочулар­дын 200 (45) түрү кездешет. Балыктар (1500дөн ашык түр) сууда быкылдайт. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 499,6 миң га (2007), кургактыкта өлкөнүн аянтынын 5,9%ин түзөт. Малакка жарым аралында Таман-Негара (өлкөдөгү эң мурда уюшулган), Танжунг-Пиай, Тасек-Бера, Калимантан а-нда Бако, Кинабалу (Бутпкул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген) жана Гунунг-Мулу улуттук парктары уюшулган. Суу-саздуу 126,8 миң га жери эл аралык маани­ге ээ, коргоого алынган 6 аймак [ал жерде жа­ныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрү - орангутан (Саравак штатында), азия пили (Куала-Гандах; Малакка жарым аралында)] түзүлгөн. Кен байлыктары: калай, жез, алтын, темир ж. б.

Калкы.

Элинин негизин малайлар (66,4%) түзөт. Ошондой эле даяктар оранг-лауттар, аслилер жана кытайлар, явалыктар, сулулар, тайлар жа­шайт. Расмий тили - малай (малайзия) тили (англис тили кеңири таралган; мамлекеттик иш ка­газдары да англис тилинде жүргүзүлөт). Калкы­нын 62,4%и мусулман, калгандары буддизм

Куала-Лумпурдагы Петронас кенсе бор­борунун мунарала­ры.

(19,2%), христиан (9,1%), индуизм (6,3%), кон­фуцийлик жана даосизм (3%) диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 87,4 киши (2009). Кал­кынын жашынын орт. узактыгы эркектерини­ки - 70,6 жаш, аялдарыныкы - 76,2. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 22,2), өлүм-жи­тим ЮООге 5,0 (жаш балдардын өлүмү ЮООге 6,3). Шаар калкы 70% (2008). Ири шаарлары: Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг ж. б.

Тарыхы.

М. аймагында адам алгачкы палео­лит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы - негр-австралоид уруулары. Азыркы малайлар­дын ата-бабалары М-га биздин заманга чейинки 1-к-дын башын­да Борбордук Суматрадан келген. Биздин заманга чейинки 5-6-к-да Индия, Кытай жана Фунань менен байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалар­дан алгачкы феодалдык мамлекет пайда бол­гон. 15-16-к-да М. аймагы Малакка султанды­гына баш ийген. 1511-жылы М-ны португалдар, 1641-жылы нидерланддар басып алган. М-нын ба­тыш аймагында (Малайяда) бир нече султан­дык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756-58, 1983-87-ж-дагы согуштардан кийин голланддар­га баш ийген. 18-к-дын аягында М-ны англ. ко­лониячылар басып ала баштаган. 1888-жылы Сар-

Малай элдеринин япон армиясына каршы согушу учурундагы жоокерлери.

вак менен Сабах Британия протекторатын орнот­кон. 19-к-да өзүнүн Малайядагы ээликтеринен Британия Малайя колониясын (Малайзия мам­лекеттеринин федерациясы, ММФ) түзгөн. 19- к-дын аягында М-дагы чет элдик капиталдын 70% и англичандарга тиешелүү болуп, каучук иштетүүчү, коргошун эритүүчү ишканалар, т. ж. куруучу, камсыздандыруу жана транспорт ком­паниялары, медициналык мекемелер, мектептер ачылган. Жергиликтүү эл англ. колониячыларга каршы нечен жолу көтөрүлгөн. 1930-жылы Малая компартиясы (МКП) түзүлүп, алар 1934-жылы Малайяда жалпы иш таштоо уюштурган. 2-дүйн. согуш учурунда М. аймагын япон аскерлери оккупациялаган (1942). Малай элдеринин япондук баскынчы­ларга каршы армиясы уюшулуп (1943), курал­ДУУ күрөшкө чыгышкан. Япония багынгандан кийин (1945-жылы 2-сентябрь) М. аймагына кай­тып келген британдык аскерлер (250 миң) Син­гапурдан Малайяны бөлүп, 1946-жылы 1-июнда бри­тан колониясынын статусундагы Малай Союзун (1948-жылдан Малай Федерациясы, МФ) түзүп, Саравак менен Сабахты Улуу Британия колония­ларынын карамагына берген. Жаңы түзүлгөн ко­лония элдик нааразычылыктарды туудурган. 1948-жылы МФтеги улуттук-бошт. кыймыл күч менен басылып, МКП ж. б. бир катар демокр. уюм­дарга тыюу салынган. Бирок азатчыл күрөш ток­тобой, 1949-жылы февралда Малай элдеринин бош­тондук армиясы түзүлгөн. МФтин Мыйзам чы­гаруу кеңешине шайлоодо (1955) Альянс жеңип, Абдул Рахман башында турган өкмөт түзүлүп, 1957-жылы 31-августта МФнин көз карандысызды­гы жарыяланган. Бирок МФ аймагында жана Сингапурда Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү жайгаш­тырылган. Британ өкмөтү менен узак сүйлөшүү­лөрдөн кийин 1963-жылы 16-сентябрда Малай Фе­дерациясы (Сингапур, Саравака, Сабаха, Бру­ней) түзулүп, ислам расмий дин катары тааныл­ган. 1960-жылдардын 2-жарымынан М. өкмөтү блокторго кошулбоо жана тынчтыкта жанаша жашоо саясатын жүргүзүүгө өтүп, премьер-ми­нистр (1970-жылы сентябрдан) Абдул Разак Түштүк- Чыгыш Азияны бейтараптоо планын көтөргөн. 1981-жылы июлда МФке Махаткир Мохамеддин пре­мьер-министрликке келиши менен өкмөт экономикалык мо­дернизациялоо багытында экспорттолчу товар­ларды чыгаруу жана кайра иштетүү ишканала­рын күчөтүп, инфраструктураны жаңыртууга багыт алган. М. дүйнөдө каучук, коргошун, пальма майын экспорттоо боюнча алдынкы орун­дарда. М. жогорку технол. сапаттагы тири­чиликте кеңири колдонулуучу техникаларды (радио, электроника, компьютер ж. б.) чыгаруу боюнча маанилүү борборго айланган. 1997-98-жылы Азиядагы финансы кризисинде М. ЭВФтин жана батыш фондуларынын жардамынан баш тартып, Түштүк-Чыгыш Азияда региондук экономикалык интегра­цияны күчөтүү идеясын активдүү колдогон. М. дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соо­да мамилелери бар. 2009-жылдан премьер-ми­нистри - Нажиб Тун Абдул Разак.

Экономикасы.

М. - заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 миллиард АКШ долларын (2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56, ө. ж-дыкы 37, а. ч-ныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестиция­нын көлөмү 8,4 миллиард доллар. Ири инвесторло­ру: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Фран-

Түштүк Кытай деңизиндеги шельфте нефть өндүрүү.

ция, Австралия, Тайвань провинциясы (Кытай). Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «РеЪгопав» («РеЪгоИат Мазгопа! Вегйай»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Тепа§а Мавгопа!» (электр энергетика), «РегизаЪап СНотоЪИ Ма­З1опа1» («РгоСоп») жана «Регобиа» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95% и ЖЭСке туу­ра келет. Электроника, электр-техникалык, машина

Сабах штатындагы май пальма плантациясы.

КУРУУ (жарым өткөргүчтөр, интегралдык мик­росхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң т, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орун­да, Тайланд менен Индонезиядан кийин; жы­лына 1,27 миллион т), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфю­мерия-косметика (пальма, кокос, арек майла­ры колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түш,- Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (администрациялык бор­бору - Сайбержая; «мультмедиа супер-коридо­ру» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Тайланддан ки­йин 2-орунда) чогултат. А. ч. техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чы­гаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 миллион т, 2007) жана газ (1,7 миллион т) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керек­төөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары - күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куш­тары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Автомобиль жолу­нун узундугу 98,7 миң км (2008), т. ж-нуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порт­тору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк майын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук ө. ж. продукция­сын (транзистор), радиотех. каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.

Малайэия акчасы - малайзия ринггити.

Маданияты.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 11 жылдык милдеттүү акы­сыз орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим бе­рүүнү камтыйт. Расмий окутулуучу тил - малай тили, ошондой эле кытай жана тамиль тили. 15 жаш­тан жогорку калктын сабаттуулугу 91,9% (2008). Кесиптик коллеждер, мамлекеттик университеттер, илимий мекеме­лер, китепкана, музейлер Куала-Лумпуре шаарында жайгашкан, анын ичинде Малайя университети (1962), Азия искусствосу музейи (1962), Улуттук китепкана (1966), Улуттук музей (1963) ж. б. бар.

Массалык-маалымат каражат­т а р ы. Малай тилинде «ВегКа Напап», «Шизап Ма1аув1а», «Шивап Ме1ауи», англис тилинде «В1в1пез8 Т1тез», «Тйе Ма1ау МаП», «Тйе Меда

81гаИ8 Т1тез, «Тке 81аг», кытай тилинде «Син­чжоу жибао», «Чжунго бао» ж. б. гезит-журнал­дары чыгат. Радиоуктуруусу 1964-жылдан, теле­көрсөтүүсү 1963-жылдан, Улуттук маалымат агенттиги 1967-жылдан иштейт.

А д а б и я т ы.

Алгачкы жазма эстеликтери 17-к-га таандык. М. жаңы адабиятына Абдуллах бин Абдулкадир Мунши негиз салган. 1965-жылы Куа­ла-Лумпур шаарында Тил жана адабият коому, 1958-жылы жазуучулардын улуттук союзу түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында малайя тилиндеги басма сөз исламды жаңылоо кыймылы адабиятка агартуучул көз карашты жайылткан. Буга Саид Шейх бин Ахмад аль-Хадинин Египет тур­мушун баяндаган «Фарида ханум» романы мисал.

Архитектура жана сүрөт ис­кусствосу.

М. искусствосунун эң байыркы эстеликтери неолит дооруна таандык. Малака жарым аралында 50гө жакын будда жана инди куру­луштарынын калдыктары сакталып калган (2- 6-кылым). Эң атактуу архитектуралык эстеликтердин бири - Букит-Бату-Пахат (Кедах, 9-10-кылым) храм­чандиси. 14-15-к-да М-нын аймагына исламдын таралышы менен диний архитектуранын жаңы типте­ри - мечиттер, минареттер, мавзолейлер пайда болгон, эң эскилери - Малаккадагы Перингит

Куала-Лумпурдун жанындагы индуисттердин ыйык жайы «Бату үңкүрү». 19-к-дын аягы - 21-к-дын башы.

(1720-жылы ч.), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728), Кампунг-Клинг (1748) жана Кампунг-лаут (1730, Келантан штаты) мечиттери.

М у з ы к а с ы.

М-нын полиэтникалык музыкалык маданиятынын негизин салттык музыка түзөт. Көз каранды эместикти алуу менен М-да батыш ти­биндеги музыкасы өнүгө баштаган.

Т е а т р ы.

М-нын байыркы театрлашкан ритуалдар менен байланышкан салттык театры­нын негизги формасы болуп 4 түрдө жашаган ваянт эсептелет.

К и н о с у.

Биринчи малай фильми «Лейли жана Мажнун» (1933, режиссёр Б. С. Раджханс) бо­луп эсептелет. 1937-жылы Р. Ран Шо менен Ранми Шо «8Ьа\у ВгоЧгегз» киностудиясын Сингапурда не­гиздешкен. 1981-жылы Улуттук кинокорпорация­сы (РША8) түзүлгөн. 1980-жылдан (ар жыл са­йын, ар кайсы шаарда) М-нын улуттук кино­фестивалы өткөрүлүп турат. 2007-жылдан жыл сайын Куала-Лумпур ЭКФи өткөрүлөт.

Ад.: Колосков Б. Т. Малайзия вчера и сегодня. М., 1984; Малайзия: справочник. М., 1987; Погадаев В.А., Погадаева П. В. Великий актёр Малайзии //Азия и Аф­рика сегодня. 2009. № 4; Тюрин В.А., Цыганов В.А. История Малайзии. XX век. М., 2010; Малайзия// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.