ЛИТВА (уландысы): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |

| 21-сап: | 21-сап: | ||

Д. Кайокас), советтик тоталитардык режимди постмодернизмге таандык ирония жана гротеск менен сүрөттөгөн романдар (Ю. Кунчинас, Р. Гавялис [«Вильнюстук покер», 1989; «Жаш адамдын мемуары», 1991], Ю. Иванускайте («Мастан жана жамгыр», 1993), Ю. Эрлицкас («Китеп», 1996; «Литва тарыхы», 2000), ошондой эле М. Ивашкявичюс, С. Т. Кондротас, В. Юкнайтенин чыгармалары пайда болду. 20-21-к-да документалдык стилдеги чыгармалар жаралган (Юкнайте, «Өзундү үнүндөн таануу», 2002). 3. Чяпайте, У. Барускайте, Д. Язукявичюте феминистик тематикага кайрылган. Заманбап прозада жан дүйнөнү ачып берген очерктик стилге умтулуу байкалууда; эссе жанры өрүш алууда. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башында Л. адабияты адам менен жаратылыштын байланыш мотиви, ошондой эле неоромантизмдин салттарын сактаган постмодернизм багытына көңүл бурууда. Орус тилиндеги адабияты да өнүгүүдө.

==Архитектура жана сүрөт искусствосу. == | |||
Л. аймагындагы алгачкы искусство эстеликтери палеолиттин акыры, мезолит, айрыкча неолит (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын ортосу, 2-миң жылдык) дооруна таандык. 1-миң жылдыкта чыңдалган калктуу конуштар - пилякальнистер пайда болуп,
| Л. аймагындагы алгачкы искусство эстеликтери палеолиттин акыры, мезолит, айрыкча неолит (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын ортосу, 2-миң жылдык) дооруна таандык. 1-миң жылдыкта чыңдалган калктуу конуштар - пилякальнистер пайда болуп,

| 38-сап: | 38-сап: | ||

курулган. Л. архитекторлор Союзу 1945-жылы негизделген. Л. аймагынан адамдардын жана айбанаттардын неолит дооруна таандык тулкулары, жыгач скульптуралар жана карапа буюмдар табылган. О. кылымда сүрөт искусствосунун Батыш жана Чыгыш Европанын искусствосу менен өзг ара тыгыз байланышта өнүгүп, диний жана жарандык тематикадагы живопись таралган. 16-к-дын 1-жарымынан китеп басып чыгаруунун башталышы менен ксилография пайда болгон. 20-к-дын башындагы Л. искусствосунда М. К. Чюрлёниске өзгөчө орун таандык. Көп Л. сүрөтчүлөрү СанктПетербургдан, Москвадан таалим алган. Реалисттик искусствонун өнүгүшүнө Каунас көркөм сүрөт мектебинин (1922-жылы негизделген) окуучуларынын «Көз карандысыз сүрөтчүлөр коому», «Арс» ж. б. бирикмелери(1930-жылдардауюшулган) чоң роль ойногон. Согуштан кийинки жылдарда тарыхый жана жанрдык живопись (С. Вейверите, В. Дилка ж. б.), пейзаж (В. Гячас, Й. Шважас ж. б.), портрет (А. Гудайтис, П. Стаускас ж. б.) искусствосу өнүккөн. 1960-70- жылдары сүрөтчүлөр В. Кисараускас, абстракционисттер В. Жилюс, К. Зимблите, Л. Катинас; скульпторлор Т. Валайтис, В. Вилжюнас; 1980-жылдары - скульпторлор Г. Каралюс, С. Кузма, П. Мазурас, М. Навакас, В. Урбанавичюс, К. Ярошевайте; живописчилер В. Жукас, Ш. Шаушка, Р. Шлицис; графикчи М. Вилутистер таанымал болушкан. Л. сүрөтчүлөр союзу 1951-жылы түзүлгөн.

==Музыкасы. == | ==Музыкасы. == | ||
Л. элинин музыкалык маданияты байыркы классикалык салт жана музыкалык фольклордун негизинде калыптанган. Эмоциялуу, токтоо элдик ырлар диатоникалык маанайда ырдалат. Көп үндүү музыка - сутартинес бөтөнчө кызык. Элдик аспаптары: үйлөмө - рагас (мүйүз), даудитес (узун түтүк), скудучяй (көп өзөктүү флейта), лумздялис (сыбызгы флейта), бирбине; канклес - чертме; скрабалай - урма ж. б. 14-к-дан костёлдордо, соборлордо органдар орнотулуп, анда ойноого жана хорго зор көңүл бурулган. 1667-жылы Ж. Ляуксминастын «Музыкалык искво жана практика» деген туңгуч окуу китеби жарык көргөн. 17-к-да князь сарайында итал. опера жана балет труппасы, оркестр болгон. 18- 19-к-да ак сарай театрларында опералар коюлган. Аспаптык музыка өнүккөн (М. Казимир Огиньский). 1840-58-ж. поляк композитор С. Монюшко Л-да иштеп, музыкалык маданиятка кыйла таасир тийгизген. Элдик хор кеңири кулач жайган (уюштуруучулар - С. Шимкус, А. Ясенаускас, Ю. Неймонтас, В. Видунас). 1906-жылы «Вильняус канклес» коомунун күчү менен туңгуч улуттук опера М. Петраускастын «Бируте» операсы коюлган. М. К. Чюрлёнис, Ю. Карнавичюс, Ю. Груодис, С. Шимкус ж. б. сыяктуу классиктер менен бирдикте органчы жана педагог Ю. Науялис, хор дирижёру Ч. Саснаускас, М. Петраускастар Л. профессионал музыкасына негиз салган. 1919-жылы Вильнодо мамлекеттик симфониялык оркестр түзүлгөн. 1920-жылы Каунаста опера театры (1998-жылдан Литва опера жана балет театры) ачылып, 1948- жылдан Вильнюска которулган. 1956-жылы Каунаста карийон музыкасынын концерттери, М. К. Чюрлёнис атындагы Эл аралык пианисттер конкурсу (1965, Вильнюс) өтүп турат. 1968-жылы СССРде орган музыкасынын биринчи Эл аралык конкурсу (Вильнюс, Каунас) өткөн. «Клайпеда музыка жазы» (1976-жылдан), «Вильнюс фестивалы» (1977-жылдан), «8а1үе шизхса» рождестволук (2004-жылдан), «Музыкалык өзгө-. рүүлөр» заманбап музыка (2005-жылдан, экөө тең Клайпедада), И. С. Вах музыкасы (2007, Вильнюс) ж. б. көптөгөн музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Л. композиторлор союзу 1948-жылы уюшулган.
| Л. элинин музыкалык маданияты байыркы классикалык салт жана музыкалык фольклордун негизинде калыптанган. Эмоциялуу, токтоо элдик ырлар диатоникалык маанайда ырдалат. Көп үндүү музыка - сутартинес бөтөнчө кызык. Элдик аспаптары: үйлөмө - рагас (мүйүз), даудитес (узун түтүк), скудучяй (көп өзөктүү флейта), лумздялис (сыбызгы флейта), бирбине; канклес - чертме; скрабалай - урма ж. б. 14-к-дан костёлдордо, соборлордо органдар орнотулуп, анда ойноого жана хорго зор көңүл бурулган. 1667-жылы Ж. Ляуксминастын «Музыкалык искво жана практика» деген туңгуч окуу китеби жарык көргөн. 17-к-да князь сарайында итал. опера жана балет труппасы, оркестр болгон. 18- 19-к-да ак сарай театрларында опералар коюлган. Аспаптык музыка өнүккөн (М. Казимир Огиньский). 1840-58-ж. поляк композитор С. Монюшко Л-да иштеп, музыкалык маданиятка кыйла таасир тийгизген. Элдик хор кеңири кулач жайган (уюштуруучулар - С. Шимкус, А. Ясенаускас, Ю. Неймонтас, В. Видунас). 1906-жылы «Вильняус канклес» коомунун күчү менен туңгуч улуттук опера М. Петраускастын «Бируте» операсы коюлган. М. К. Чюрлёнис, Ю. Карнавичюс, Ю. Груодис, С. Шимкус ж. б. сыяктуу классиктер менен бирдикте органчы жана педагог Ю. Науялис, хор дирижёру Ч. Саснаускас, М. Петраускастар Л. профессионал музыкасына негиз салган. 1919-жылы Вильнодо мамлекеттик симфониялык оркестр түзүлгөн. 1920-жылы Каунаста опера театры (1998-жылдан Литва опера жана балет театры) ачылып, 1948- жылдан Вильнюска которулган. 1956-жылы Каунаста карийон музыкасынын концерттери, М. К. Чюрлёнис атындагы Эл аралык пианисттер конкурсу (1965, Вильнюс) өтүп турат. 1968-жылы СССРде орган музыкасынын биринчи Эл аралык конкурсу (Вильнюс, Каунас) өткөн. «Клайпеда музыка жазы» (1976-жылдан), «Вильнюс фестивалы» (1977-жылдан), «8а1үе шизхса» рождестволук (2004-жылдан), «Музыкалык өзгө-. рүүлөр» заманбап музыка (2005-жылдан, экөө тең Клайпедада), И. С. Вах музыкасы (2007, Вильнюс) ж. б. көптөгөн музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Л. композиторлор союзу 1948-жылы уюшулган.

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
101-БЕТ, 2-БӨЛҮК иштетүү, женил жана тамак-аш ө. ж. ишканалары. Л-нын отун ресурстары дээрлик жок (бир аз гана чым-көң өндүрөт); табигый газды жана нефтини Россиядан алат. Мажейкяй ш-ндагы нефть ажыратуу заводу - Балтика бою өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана. 2008-жылы 13,9 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн (ички муктаждыкты толук камсыз кылат). Нямунас д-нда Каунас ГЭСи, Круонис гидроаккумуляция станциясы курулган. Машина куруу ө. ж-нын негизги тармактары - станок куруу, ө. ж. жабдуулары жана приборлор, электр-техникалык жана электроника ө. ж. ишканалары. Станок куруу ө. ж. жыгач иштетүүчү станокторду жана жабдууларды, фрезалык жана сайкалдоочу станокторду чыгарат. Тамак-аш ө. ж. үчүн жабдууларды (анын ичинде товар таңгактоочу, суюк тамак-аш продуктуларын кайра иштеп чыгаруучу технол. жабдуулар), жылыткыч казан, вентиляция жабдууларын, ө. ж-лык электр жана газ мештерин, лазердик, медициналык, ченегич жана оптикалык приборлорду, муздаткыч, телевизор, компьютер жана аларга тетиктерди даярдоочу ишканалары бар. Машина куруу заводунун базасында Россиянын микроавтобустарын жана жүк ташуучу ГАЗ жеңил автомобилдерин кураштыруу ишканасы иштейт. Литва-Беларуссия биргелешкен «МАЗ-Балтия» ишканасы оор жүк ташуучу автомобилдерди кураштырат. Клайпеда - кеме куруу жана ремонттоо борбору. Металл иштетуү ө. ж. өнүккөн. Химиялык ө. ж. азот-фосфат жер семирткичтерин, желим, сыр, ө. ж. газын, пластмасса, жасалма була, косметика продукцияларын ж. б., жыгач иштетүү ө. ж. жыгач материалдарын, эмерек, кагаз, картон чыгарат. Цемент, бетон жана темир-бетон, кыш, карапа такта ж. б. даярдайт. Женил ө. ж-нан кебез-кездеме, жүн, кендир, тор кездемелерди чыгаруучу ишканалары иштейт. Көркөм промысели (янтардан, карападан буюм жасоо, жыгач оймо-чиймелеп кооздоо, булгаарыга наар салуу ж. б.) өнүккөн. Тамак-аш ө. ж. эт жана сүт продуктуларын өндүрүүгө адистешкен; ошондой эле кант, кондитер фабрикалары, пиво, алкоголь продукцияларын (арак, бренди, ликёр, настойка) чыгаруучу заводдору бар.
Өлкө а. ч. продуктулары менен өзүн толук камсыз кылат. Чарбаларынын жалпы саны 230 миңден ашык, анын 60%тен ашыгы - чакан (5 гага чейинкилер) үй-булөлүк фермалар. А. ч-га жарактуу жеринин аянты 3,5 миллион га (өлкөнүн аянтынын ’72и), анын 84% и айдоо жер, 14%тен ашыгы шалбаа жана жайыт, 2%тейи көп жылдык өсүмдүктөр. Өсүмдүк өстүрүүчулук агрардык продукция наркынын 57,6% ин түзөт (2008). Мал чарбасы үчүн тоют өндүрүүнүн мааниси зор. Дан эгиндерин (негизинен күздүк буудай, арпа), картөшкө, жашылча, кант кызылча, мөмө-жемиш, чанактуулар, зыгыр ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы сүт-эт багытындагы уй, бекондук чочко, үй канаттууларын асыроого адистешкен. Токой чарбасы өнүгүүдө.

Литва акчасы - лит.
Транспорттук тейлөө, ошондой эле соода, банк-кредиттик сектор, байланыш жана телекоммуникация, туристтик бизнес жолго коюлган. Вильнюс фонд биржасы иштейт. Туризм, анын ичинде маданий-таанып билүү (борборлору - Вильнюс, Каунас), курорттук-ден соолукту чындоо (Паланга, Друскининкай ж. б.) өнүккөн. 2008-жылы Л-га 4,5 миллион турист келген. Мейманкана чарбасы, ресторан бизнеси жана аларга байланыштуу тейлөөлөр өнүккөн.
Л-нын транспорттук тармагы Чыгыш - Ватыш (анын ичинде Россиянын Калининград обл. менен) жана Туш. - Түндүк (Борбордук Европаны Балтия, Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштырат) багыттарында транзиттик йсүк жана жүргүнчү ташыйт. Жүктүн 50% ке жакыны автомобиль, 45%тен ашыгы т. ж., 5%тен ашыгы суу жолдору менен ташылат. Жүргүнчү ташуунун 98% и автомобиль транспортуна туура келет. Автомобиль жблунун узундугу 81 миң км. Л. аркылуу эл аралык маанидеги - Варшава (Полыпа) - Каунас - Рига (Латвия) - Таллин (Эстония), Минск (Беларуссия) - Вильнюс - Мариямполе - Калининград (Россия), Псков (Россия) - Рига - Калининград - Варшава ж. б. автомагистралдары өтөт. Т. ж-нун узундугу 1746 км, анын 122 кми электрлештирилген (2009). Негизги т. ж-дору: Санкт-Петербург (Россия) - Даугавпилс (Латвия) - Вильнюс - Варшава (Полыпа), Минск - Вильнюс - Каунас - Калининград, Рига - Шяуляй - Вильнюс - Барановичи (Беларуссия). Деңиз соода флоту 45 кемени камтыйт, анын бсы чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык; 28 кеме башка
өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Жалгыз деңиз порту - Клайпеда. Ички суу жолунун узундугу 441 км-, кеме Нямунас д. жана анын куймасы - Нярис д-нда, ошондой эле Тракайс көлүндө жүрөт. Нефть куурларынын узундугу 500 км. Вильнюс, Каунас, Паланга ш-нда эл аралык аэропорттору бар.
Экспорттун ‘Дин нефть продуктулары түзөт; ошондой эле сыртка машина жана жабдуулар, тамакаш, химия, жеңил ө. ж. продукциялары, жыгач жана андан жасалган буюмдар чыгарылат. Сырттан нефть жана нефть продуктулары, минералдык сырьё, машина куруу, химия жана жеңил ө. ж. продукцияларын сатып алат. Ири соода шериктери: Россия, Латвия, Германия, Полыпа, Эстония, Улуу Вритания, Нидерланд.
Билим берүү.
Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, 4 жылдык башталгыч, 6 жылдык базалык (толук эмес орто мектеп), 2 жылдык толук, орто, кесиптик орто (3 жылдык - кесип алуу үчүн, 4 жылдык толук орто билим жана квалификация алуу үчүн) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу мамлекеттик мекемелерде акысыз. Калктын сабаттуулугу 99,7%ти (15 жаштан жогору) түзөт. 48 ЖОЖ (анын ичинде 31 мамлекеттик, 17 менчик) жана илимий мекемелери, Л. ИА, ири музейлери (улуттук, янтарь ж. б.) китепканалары бар.
==Массалык-маалымат каражаттары.

Жалпы элдик ири гезиттери: «Ые1пуо8 гуЬаз», «ЕезрпЬИка», «Каипо <Пепа» жана орус тилинде: «Экспресс-неделя», «Обзор», «Литовский курьер» ж. б.; «Уе1<1аз», «Сууешшо Ьибаз», «ТУ ап!епа» ж. б. у. с. журналдары бар. Радиоуктуруусу 1926-жылдан, телекөрсөтүү 1957-жылдан иштейт. 48 радиостанцияж-а «ЬТУ», «ЬТУ-2» мамлекеттик телеканалдары, «М 1», «М 1+» ж. б. менчик радиостанциялары, «ТУ 3», «ВТУ», «ШК» ж. б. менчик телеканалдары бар. Улуттук маалымат агенттиги (1920-жылдан) ж. б. агенттиктер иштейт.
==Адабияты.

Л-нын алгачкы жазма эстеликтери 14-17-к-да орус (белорус), латын жана поляк тилдеринде жаралган. 17-18-к-да латын жана поляк тилиндеги адабият менен катар - Л. тилиндеги чыгармалар жаралган, алардын эң маанилүүсү К. Донелайтистин «Жыл мезгилдери» (1760- 75-ж. чен, 1818-жылы жарыкка чыккан). 19-к-дын 1-жарымындаС. Валюнас, А. Клемантис, Д. Пошка, С. Станявичюс, С. Даукантас ж. б. акындар Л. адабиятын өнүктүргөн. Л. лирикасынын баштоочусу катары А. Страздас («Жарандык жана диний» ырлар жыйнагы, 1814), Л. көркөм прозасынын негиздөөчүсү деп М. Валанчюс («Балдар үчүн китеп», «Чондор үчүн китеп», экөө тең 1860, «Палангалык Юзе», 1869) эсептелет, А. БаранауСкастын «Аникщяй токою» лирикалык поэмасы (1860-61) - Л. романтикалык поэзиясынын төл башы. 19-20-к-дын биринчи Л. романы В. Петаристин «Альгимантас» романы жарыкка чыккан (1904), драматургия пайда болгон (Кетуракис, «Америка мончодо» комедиясы, 1895). Биринчи Л. Респ-касынын мезгилинде (1918-40) адабиятка авангардизм идеялары кирет, бирок элдик ыр салттары менен терең байланышты сактап калган. Модернизм адабиятында неоромантизм өзгөчө таасирлүү болгон. 20-к-дын 1-жарымындагы Л. адабияты ошондой эле символизм (Ю. Балтруштайтис, Ф. Кирши), футуризм (К. Банкикс, П. Тарулис), экспрессионизм (Г. Радускас, Ю. Савщикс) нугунда өнүккөн. Реалисттик багыт прозада өзгөчө өрүш алган (А. Венуалис, М. Пячкаускайте, П. П. Оринтайте). Советтик Л. адабиятында (1940-90) негизинен социалисттик реализм үстөмдүк кылган: А. Гудайтис-Гузявичюс («Уста Иснотастын чындыгы», 1-2-бөлүк, 1948-49), Ю. Балтушис («Сатылган жылдар», 1-2-бөлүк, 1957-69), А. Беляускас ж. б. жазуучулардын романдары. 1960-70-жылдары Л. адтына жазуучулардын лирикалык жана психол. салттарды уланткан жаңы муун келген: И. Мерастын «Тең чыгуу тез бүтөт» (1963) романы; Ю. Апутис, М. Слуцкис, С. Шадонис ж. б-дын новеллалары. Советтик мезгилдеги Л. поэзиясына идеол. багыттуулук жана пафос мүнөздүү (Э. Межелайтис, Т. Тильватис, А. Йиникас ж. б. 1950- жылдардын ортосунан неоромантизм кайра жанданса (Ю. Марцинкявичюс, Я. Дягутит, А. Макдонис, Й. Стрелкунас), 1960-70-жылдарда модернисттик поэзия өрүш алган (Т. Венцлова, В. Миколайтис-Путинас, А. Венуолис ж. б.). 20-к-дын 2-жарымында драматургиянын ири өкүлү Ю. Грушас тарыхый драмаларды («ГеркусМантас», 1952; «БарбораРадвилайте», 1971; «Швитригайла», 1975) жараткан. 0. эле Ю. Глинкис («Грастын үйлөрү», 1970; «Тараза жылдыз», 1977), Г. Грауяскас, М. Ивашкявичюс, Г. Кунчюс, К. Остраускас, К. Сай ж. б. драматургдардын чыгармачылыгы кеңири белгилүү болгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда жана согуштан кийин көп акын-жазуучулар Германияга, ал жактан Австралия, АКШ, Улуу Британияга эмиграцияга кетишкен. Улуу муундагы жазуучуларга (Й. Айстис, Б. Браздджёнис, А. Вайчюлайтис, Ф. Кирша, В. Креве, И. Шейнюс) өткөндү сагынуу, неоромантизм мүнөздүү болсо, орто муундагылар (К. Брадунас, М. Катилишкис, Ю. Кекштас, Г. Нагис, А. Ника-Нилилюнс, Б. Пукялявичют) экзистенциализм багытындагы философиялык прозаны улантышкан. Кичүү муундан А. Шкем, «Ак кепин» (1954) романын модернизм багытында жаратса, Люне Сутем, А. Мацкус, Ю. Мачюнас, Й. Мякас йостмодернистик багытта ырларды.жазышкан. Эмиграцияда төрөлгөн жазуучулар И. Мачюлите-Гуилфорд, А. Шилейк жана акын Р. Филип ж. б. чыгармаларын англис тилинде жазышат. 1990-жылдардагы Л. прозасына фантасмагормониялуулук мүнөздүү (И. Скаблаускайте, Г. Береснявичюс,
Д. Кайокас), советтик тоталитардык режимди постмодернизмге таандык ирония жана гротеск менен сүрөттөгөн романдар (Ю. Кунчинас, Р. Гавялис [«Вильнюстук покер», 1989; «Жаш адамдын мемуары», 1991], Ю. Иванускайте («Мастан жана жамгыр», 1993), Ю. Эрлицкас («Китеп», 1996; «Литва тарыхы», 2000), ошондой эле М. Ивашкявичюс, С. Т. Кондротас, В. Юкнайтенин чыгармалары пайда болду. 20-21-к-да документалдык стилдеги чыгармалар жаралган (Юкнайте, «Өзундү үнүндөн таануу», 2002). 3. Чяпайте, У. Барускайте, Д. Язукявичюте феминистик тематикага кайрылган. Заманбап прозада жан дүйнөнү ачып берген очерктик стилге умтулуу байкалууда; эссе жанры өрүш алууда. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башында Л. адабияты адам менен жаратылыштын байланыш мотиви, ошондой эле неоромантизмдин салттарын сактаган постмодернизм багытына көңүл бурууда. Орус тилиндеги адабияты да өнүгүүдө.
Архитектура жана сүрөт искусствосу.
Л. аймагындагы алгачкы искусство эстеликтери палеолиттин акыры, мезолит, айрыкча неолит (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын ортосу, 2-миң жылдык) дооруна таандык. 1-миң жылдыкта чыңдалган калктуу конуштар - пилякальнистер пайда болуп,
көбү 9-12-к-да феодалдардын жыгач сепилдерине айланган. 13-14-к-да жыгач жана таш замоктор курулган. Л-да айрыкча 15-к-да шаар куруу тез өнүгөт (мисалы, Каунастагы Перкуностун үйү, 15- 16-к.). 16-к-да Л. искусствосу Кайра жаралуу доорунун көркөм маданиятына эриш-аркак өнүккөн. Анын үлгүсүндөгү турак үйлөр, чиркөөлөр, сепилдер коргонууга ыңгайланып салынган (мисалы, Шяуляйдагы Ыйык Пётр жана Павел чиркөөсү, 1595-1625). 17-18-к-да барокко стилинде католик чиркөөлөрү, ак сарайлар курулган. 18-к-дын акырынан классицизм принциптери тарай баштап (Каунастагы мунара, 1777-80 жана Ратуша, 1786-99). Шаар курулушу кеңири кулач жайып, орус адистери Вильнюс, Каунас, Шяуляй ш-н долбоорлоого жана курууга катышкан. 19- к-дын 2-жарымы - 20-к-дын башында Л. архрасында эклектизм (Бяздонистеги «Миндоза» вилласы, 20-к-дын башы) басымдуулук кылган,
ошондой эле неоренессанс (Таурагедеги замок, 1847- 64), неоготика (Рокишкистеги костёлдор, 1868- 83), соңку классицизм (Вильнюстагы филармониянын имараты, 1899-1902), необарокко (Каунастагы Музыкалык театрдын имараты, 1890-92) стилдери да өнүккөн. 1900-30-жылдарда модерн стили өрүш алган (Вильнюстагы Вилейшистер ак сарайы, 1904-06 ж. б.). 1945-жылдан кийин шаарлар калыбына келтирилип, жаңы посёлкалар курулган. 1950-60-жылдары советтик неоклассицизм стилинде курулган үйлөр пайда болгон (Окумуштуулар үйү, 1950; Улуттук китепкана, 1963, экөө тең - Вильнюста). 1959-жылдан ири панелдүү курулуш кеңири кулач жайган. 1960- 80-ж. Вильнюс, Каунас, Клайпеда ж. б. шаарларда жаңы турак үйлөр тургузулган (арх-торлор Касперавичене, В. Чеканаускас, В. Бредикис ж. б.). Л. архитекторлорунун долбоорлору боюнча СССРдин Ташкент, Минск, Ростов-на-Дону ж. б. шаарларында курулуштар жүргүзүлгөн. 1990-2000-жылдарда Пакальняй кыш. Ыйык Троица костёлу, Палангадагы Ивердик Кудай Эне иконасынын урматындагы чиркөө (2000-02), Клайпедада Покров-Николь чиркөөсү (2000-05), Каунастагы «1000» Ишкер борбору (2008) ж. б.

курулган. Л. архитекторлор Союзу 1945-жылы негизделген. Л. аймагынан адамдардын жана айбанаттардын неолит дооруна таандык тулкулары, жыгач скульптуралар жана карапа буюмдар табылган. О. кылымда сүрөт искусствосунун Батыш жана Чыгыш Европанын искусствосу менен өзг ара тыгыз байланышта өнүгүп, диний жана жарандык тематикадагы живопись таралган. 16-к-дын 1-жарымынан китеп басып чыгаруунун башталышы менен ксилография пайда болгон. 20-к-дын башындагы Л. искусствосунда М. К. Чюрлёниске өзгөчө орун таандык. Көп Л. сүрөтчүлөрү СанктПетербургдан, Москвадан таалим алган. Реалисттик искусствонун өнүгүшүнө Каунас көркөм сүрөт мектебинин (1922-жылы негизделген) окуучуларынын «Көз карандысыз сүрөтчүлөр коому», «Арс» ж. б. бирикмелери(1930-жылдардауюшулган) чоң роль ойногон. Согуштан кийинки жылдарда тарыхый жана жанрдык живопись (С. Вейверите, В. Дилка ж. б.), пейзаж (В. Гячас, Й. Шважас ж. б.), портрет (А. Гудайтис, П. Стаускас ж. б.) искусствосу өнүккөн. 1960-70- жылдары сүрөтчүлөр В. Кисараускас, абстракционисттер В. Жилюс, К. Зимблите, Л. Катинас; скульпторлор Т. Валайтис, В. Вилжюнас; 1980-жылдары - скульпторлор Г. Каралюс, С. Кузма, П. Мазурас, М. Навакас, В. Урбанавичюс, К. Ярошевайте; живописчилер В. Жукас, Ш. Шаушка, Р. Шлицис; графикчи М. Вилутистер таанымал болушкан. Л. сүрөтчүлөр союзу 1951-жылы түзүлгөн.
Музыкасы.
Л. элинин музыкалык маданияты байыркы классикалык салт жана музыкалык фольклордун негизинде калыптанган. Эмоциялуу, токтоо элдик ырлар диатоникалык маанайда ырдалат. Көп үндүү музыка - сутартинес бөтөнчө кызык. Элдик аспаптары: үйлөмө - рагас (мүйүз), даудитес (узун түтүк), скудучяй (көп өзөктүү флейта), лумздялис (сыбызгы флейта), бирбине; канклес - чертме; скрабалай - урма ж. б. 14-к-дан костёлдордо, соборлордо органдар орнотулуп, анда ойноого жана хорго зор көңүл бурулган. 1667-жылы Ж. Ляуксминастын «Музыкалык искво жана практика» деген туңгуч окуу китеби жарык көргөн. 17-к-да князь сарайында итал. опера жана балет труппасы, оркестр болгон. 18- 19-к-да ак сарай театрларында опералар коюлган. Аспаптык музыка өнүккөн (М. Казимир Огиньский). 1840-58-ж. поляк композитор С. Монюшко Л-да иштеп, музыкалык маданиятка кыйла таасир тийгизген. Элдик хор кеңири кулач жайган (уюштуруучулар - С. Шимкус, А. Ясенаускас, Ю. Неймонтас, В. Видунас). 1906-жылы «Вильняус канклес» коомунун күчү менен туңгуч улуттук опера М. Петраускастын «Бируте» операсы коюлган. М. К. Чюрлёнис, Ю. Карнавичюс, Ю. Груодис, С. Шимкус ж. б. сыяктуу классиктер менен бирдикте органчы жана педагог Ю. Науялис, хор дирижёру Ч. Саснаускас, М. Петраускастар Л. профессионал музыкасына негиз салган. 1919-жылы Вильнодо мамлекеттик симфониялык оркестр түзүлгөн. 1920-жылы Каунаста опера театры (1998-жылдан Литва опера жана балет театры) ачылып, 1948- жылдан Вильнюска которулган. 1956-жылы Каунаста карийон музыкасынын концерттери, М. К. Чюрлёнис атындагы Эл аралык пианисттер конкурсу (1965, Вильнюс) өтүп турат. 1968-жылы СССРде орган музыкасынын биринчи Эл аралык конкурсу (Вильнюс, Каунас) өткөн. «Клайпеда музыка жазы» (1976-жылдан), «Вильнюс фестивалы» (1977-жылдан), «8а1үе шизхса» рождестволук (2004-жылдан), «Музыкалык өзгө-. рүүлөр» заманбап музыка (2005-жылдан, экөө тең Клайпедада), И. С. Вах музыкасы (2007, Вильнюс) ж. б. көптөгөн музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Л. композиторлор союзу 1948-жылы уюшулган.
Балети.
Л-да профессионал балетинин өнүгүшү 17-к-да башталган. 1785-жылы Вильнодо ачылган шаардык театрда туруктуу балет труппасы болгон эмес, бирок артисттердин күчү менен балет оюндары коюлуп келген («Ойцоведеги үйлөнүү тою», Я. Стефани, 1858). 19-к-да Вильнодо гастролго келген чет өлкөлүк артисттер оюн көрсөтүшкөн. 20-к-дагы балет искусствосунун өнүгүшү
О. Дубенецкененин ишмердигине байланыштуу. Ал 1921-жылы Каунаста балет студиясын ачкан. 1924-жылы Каунаска чакырылган П. Н. Петров бир нече балет койгон (1925, Л. Делиба «Коппелия»; 1927, П. И. Чайковский «Ак куу көлү» ж. б.) жана балет студиясын жетектеген. 1928-30-ж. Каунаста В. А. Караллинин студиясы иштеген. 1931-жылы Мамлекеттик театрдын труппасына орус балетинин чеберлери чакырылган. 1948-жылы театр Вильнюска которулуп, анда хореограф Ф. В. Лопухов, М. Л. Сатуновский иштеген. Заманбап темадагы биринчи литва балётин В. Гривицкас койгон. 20-к-дын 30-жылдарынын акырында классикалык мектептин, улуттук салттардын жана заманбап бий техникасынын айкалышуусу хореографтар Э. Букайтистин («Эгле - жыландар ханышасы», Э. Бальсис, 1976), В. Браздилистин («Коппелия», Л. Делиба, 1983), Ю.
Сморигинастын («Макбет», И. О. Балакаускас, 1989), Э. Домейкинин чыгармачылыгынан көрүнөт.
20-21-к-дын чегинде Л. балетинин өнүгүшүнө В. Васильев, Б. Я. Эйфман, А. 0. Ратманский, К. Симонов, А. Анастос салым кошту. Балет спектаклдери Каунас (1948-жылдан) жана Клайпеда (1989-жылдан) музыкалык театрларында жана Вильнюстагы менчик театрларда («Вильнюс балети», 1999; «Көркөм академиянын бий театры», 2000) коюлат. Балет искусствосуна Г. Сакалаускайте, Л. Ашкеловичюте, Р. Миндерис, В. Кужма, И. Катакинас, П. Скирмантас, И. Валейкайте, И. Цибулските ж. б. салым кошкон. Заманбап бий 1939-жылдан өнүгүүдө. 1969-жылы Каунаста «Соната» бий ансамбли, 1980-жылы «Аура» заманбап бий студиясы уюшулган. 0. эле бир нече бий коллективдери бар. Эл аралык «Жаңы балтика бийи» фестивалы өткөрүлүп турат.
Киносу.
Вильнодо жана Ковнодо 1905-жылдан туруктуу кинотеатрлар иштей баштаган. Туңгуч документалдуу фильмди 1909-жылы оператор жана реж. В. А. Старевич тарткан («Немандын боюнда»). 1920-жылдары операторлор жана режиссёрлор (С. Уздонас, С. Вайналавичюс, А. Жибас ж. б.) хроникалык фильмдерди жараткан. Л. киностудиясынын өз алдынча тарткан биринчи толук метраждуу фильми - В. Микалаускастын балдарга арналган «Көгүлтүр горизонт» киносу. Төрт новелладан турган «Тирүү баатырлар» (4 режиссёр койгон) фильми Л. киносун чет элге белгилүү кылды (Литва ССРинин мамлекеттик сыйл., 1960; Карлова-Вары ЭКФтин сыйл.). 1960-70-жылдары Л. киносунун өрүш алган учуру болду. 1970-80-жылдардын чегинде муундардын алмашуусу менен жаш режиссёрлор активдүү түрдө улуттук адабиятка кайрыла башташты: Г. Лукшас - «Менин балалыгымдын күзү» (Ю. Апутистин «Теофиль» новелласы боюнча, 1978), «Жай күздө бүтөт» (Р. Гранаускас боюнча, 1982), А. Пуйпа - «Шайтан урук» (П. Цвиркинин новеллалары боюнча, 1980), «Аял жана анын төрт эркеги» (1984), «Түбөлүктүү жаркыроо» (Р. Шавялистин «Өчпөгөн жарык» повести боюнча, 1987) ж. б. 1980-жылдары Жалак Явичюстун - «Кечирип коюңузчу» (1983), «Тозоктогу жекшемби» (1988, Грикявичюс жана Квирикашвилинин катышуусу менен), Вабаластын «Атлантика океанынын үстүнөн учуп өтүү» (1983); Р. Банионистин «Менин кичинекей жубайым» (1985), «Сенин жүзүң жадымда жок» (1988); Р. Лилейкистин «Мен бармын» (1989) фильмдери олуттуу окуялардан болуп калды. 1990-жылдарда кинолордун чыгарылышы кыскартылып, көптөгөн жеке менчик студиялар пайда болду. Көркөм киносунда маанилүү орунду Г. Лукшастын «Жыландын карашы» (1990), «Жердин жолоочулары» (1991), «Айлуу Литва» (1997) ж. б. тарыхый фильмдери ээледи. Реж. А. Пуйпанын «Таж-Махалга чейинки билет» («Фабийонас» Шавялистин аңгемеси боюнча, 1990), «Карышкыр тишинен тизилген шуру» (Л. Гутаускастын романы боюнча, 1997) ж. б. фильмдери улуттук адабиятка өзгөчө көз карашы менен кеңири белгилүү болгон. Ш. Бартастын адамдын өзү, жакындары жана жаратылыш менен татаал мамилелерин чагылдырган фильмдери («Үч күн», 1991; «Коридор», 1995; «Үй», 1997; «Эркиндик», 2000; «Жети көзгө көрүнбөс», 2005) эл аралык аренада таанылды. Л. кинематографиясы 20-21-к-дын чегинде
көркөм жана даректүү жанрлардын ширелиши, стилдик көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Автордук документалистика салтын 1990-жылы жаңы муундун режиссёрлору улантышты: А. Стонис «Антигравитация», (1995), «Жалгыз» (2001), «Уку укай» (2006), «Коңгуроо» (2007). А. Матялистин балдар онкол. ооруканасы жөнүндө «Жерге конор алдында» (2005) фильмдери дүйнөлүк атакка ээ болду. Л-нын Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Паневежис, Шяуляй ж. б. ш-нда жыл сайын эл аралык «Кино павасарис» («Кино жазы», 1995-жылдан), «Сканорама» (2003-жылдан) кинофорумдары, кыска метраждуу фильмдердин эл аралык «Тинклай» («Сети», 1999-жылдан) фестивалы өткөрүлөт. Л. кинематографисттер союзу 1928-жылы ачылган.
Ад.: Червонная С. М., Богданас К. А. Искусство Литвы. Л., 1972; Глемжа И.-Р. И. Памятники архитектуры Литвы. Л., 1978; Композиторы и музыковеды Советской Литвы. Вильнюс, 1978; Заповедники Прибалтики и Беларуссии. М., 1989; Наступление на бедность: Доклад о мировом развитии 2000/2001 г. М., 2001; Борьба с изменениями климата: Доклад о развитии человека 2007/2008 г. М., 2007; Шлевис Г. Православные храмы Литвы. Вильнюс, 2006; Idem. A concise history of Lithuanian ballet. Vilnius, 2009; Литва // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010. М. Молдалиева, Э. Кылычев.