МАЛАВИЛЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЛАВИЛЕР, маравилер - банту элдер тобу, Малавинин негизги калкы. М. (ньянжа же чева) Борбордук жана Түштүк провинцияларда; тумбука - Түндүк провинцияларда; тонга - Түндүк провинциянын түштүк-чыгышында; сена - Түштүк провинциянын түндүгүндө, ошондой эле Замбиянын чыгышында, Мозамдиктин борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндө, Зимбабвенин түндүгүндө, ТАРдаж. б. жашашат. Жалпы саны 13,5 миллион киши (2009). Оозеки маалыматтарга караганда ньянжа уруу башчысы Калонганын жетекчилиги менен Конго бассейнинен Малави көлүнүн батышындагы аймакка келишип, Малави мамлекеттик бирикмесин түзүшкөн. Банту,- ньянжа тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Негизги кесиби - дыйканчылык жана аңчылык. Кол өнөрчүлүк кеңири өнүккөн. Салттуу кийими - эркектери белинен ылдый жамынгыч тагынып, аялдары юбка кийишет.