МАЛАВИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 98-сап: | 98-сап: | ||
<p>Ад.: Малави//Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011; Малави//Географиялык энциклопедиялык сөздүк. Ф., 1987; Малави//Всё о странах мира, Санкт-Петербург, 2006.</p> | <p>Ад.: Малави//Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011; Малави//Географиялык энциклопедиялык сөздүк. Ф., 1987; Малави//Всё о странах мира, Санкт-Петербург, 2006.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАЛАВИ (англ. Malawi, чичевача Mala-wi), Малави Республикасы (Republic of Malawi, Dziko la Malawi) - Африканын түштүк- чыгышындагы өлкө. Түндүк-чыгышынан Танзания, түштүк-чыгышынан, түштүгүнөн жана түштүк- батышынан Мозамбик, батышынан Замбия

менен чектешет; Танзания менен чек арасынын басымдуу бөлүгү жана Мозамбик менен чек арасынын жарымы Ньяса көлү (Малави) аркылуу өтөт. М. деңиз менен чектешпейт. Түштүк-чыгышынан Танзания (Ньяса көлү аркылуу), түштүк-чыгышынан, түштүгүнөн, түштүк-батышынан Мозамбик (Ньяса көлү аркылуу) батышынан Замбия менен чектешет. Аянты 118,5 мин кмг (анын 24,2 миң клг2ин Ньяса көлүнүн акваториясы ээлейт). Калкы 15,4 миллион (2010). Борбору - Лилонгве. Администрациялык-аймактык жактан 3 провинцияга, алар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)
|
Провинциялары |
Аянты, мин км2 |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Борбордук |
35,6 |
5 992 |
Лилонгве |
|
Түндүк |
27,0 |
1 862 |
Мзузу |
|
Түштүк |
32,0 |
5 947 |
Блантайр |
өз ичинен 28 округга бөлүнөт. Акча бирдиги - малави квачасы.
М. - БУУнун (1964), Шериктештиктин (1964), Африка биримдигинин (1964; 2002-жылы чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФтин (1965), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы -
президенттик республика. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу парламент (Улуттук чогулуш жана Сенат). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Демокр. прогрессивдүү партия, М. Конгресс партиясы жана Бириккен демокр. фронт.
Т а б и я т ы. Мененын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоо ээлейт. Аймагы Чыгыш Африка рифт системасына кирген Ньяса көлүнүн грабенин жээктей меридиан багытында созулуп жатат. Өлкөнүн кыйла бөлүгүндө цоколдук денудациялык (басымдуу бийиктиги 1000-1500 м болгон) бөксө тоолор кездешет. Батышында Ньика (бийиктиги 2670 мте чейин), борбордук бөлүгүндө Випья ж. б. платолор, түштүгүндө Дедза тоолору (2198 м) орун алган. Калган бөлүгүндө тоо этектей түздүктөр, көл жээктей аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр созулуп жатат. Мененин аймагы Африка платформасынын түштүк- чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Кен байлыктары: боксит, ниобий, фосфор кенташтары, сейрек жер элементтери, уран, никель, таш көмүр, рубин, сапфир ж. б. М. субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Өлкөнүн климатына Ньяса көлүнүн акваториясында пайда болгон аба массасынын таасири өтө зор. Эң жылуу айы - ноябрдын орт. температурасы 20-27°С, эң суук айы - июлдуку 14-19°С. Жайы жаанчыл, кышы кургакчыл. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 700 лгаден 2500 лглгге чейин рельефтин өзгөчөлүктөрүнө жана Ньяса көлүнө алыс же жакын жайгашуусуна жараша өзгөрөт. Өлкөнүн аймагынын 90% ке жакын аянты Инди океанынын алабына кирет. Гидрогр. тармактары дээрлик бүт Ньяса көлү менен байланыштуу. Эң ири дарыясы - Шире, Ньяса көлүнөн башталып, Замбезиге оң тараптан куят. Башка дарыялары: Түштүк Рукуру, Двангва, Буа, Лилонгве ж. б. Эң ири көлү - Нъяса, чондугу боюнча Африкадагы 3-көл, өлкөдөгү тузсуз суунун негизги булагы, Мененин

МАЛАВИ
социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мааниси зор. Мененин борбордук бөлүгүндө тоонун кызыл, Лилонгве платосунда жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндө кызыл-сары ферралит, ири дарыя өрөөндөрүндө жана көл ойдундарында аллювий, тропиктик саз топурактар таралган. Мененын аймагынын 20% ке жакынын токой ээлейт; түндүк бөлүгүндө сезондуу нымдуу, калган аймагында жалбырагы күбүлмө кургакчыл токой басымдуу. Тоолоруна бийиктик, алкактуулук мүнөздүү; дениз денг. 2000 .иден жогору тоо-шалбаа ландшафты таралган. Өлкөнүн аймагынын 37% ин саванна, сейрек токой жана кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Мененын жеринин 16% и коргоого алынган. Алардын ирилери: Ньики, Ливонде, Ленгве, Касунгу улуттук парктары, Нкота-Кота, Вваза-Марш резерваттары. ЮНЕСКОнун Табият жана маданият мурасынын тизмесине Ньяса улуттук паркы (1984), аскаларга түшүрүлгөн сүрөттөр кирген.
К а л к ы. Мененын элинин басымдуу бөлүгүн (99%тен ашыгын) бантулар түзөт; анын ичинде 53,1%и малавилер, 1,1%и - ньякьюся, ндали, ламбья (түндүгүндө), 11% и - нгони (батышында жана борбордук бөлүгүндө), 2,1% и - тонга (чыгышында), 18% иломве (түштүк-чыгышында), 14% и - яо
ж. б. Расмий тилдери - англис, чичева (чева) тилдери. Мененин калкынын 51%ке жакыны протестант деноминациясынын өкүлдөрү, 29% и католиктер, 13% ке жакыны мусулмандар. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 163,3 киши (2010). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 50,2, аялдардыныкы - 51,6 жаш. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 39,7), өлүм-житим ЮООге 11,8 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 83,5). Шаар калкы 20% (2010). Ири шаарлары: Лилонгве, Влантайр, Маузу, Зомба.
Т а р ы х ы. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта М. аймагын банту тил тобундагы уруулар мекендеп, жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланган. Мененин азыркы аймагына 11-14-к-да нгони жана ваяо уруулары отурукташып, кийинчерээк алар өзүлөрүн малавилер деп аташып, Марави мамлекетин түзүшкөн. Марави өкмөтү коңшу элдер менен соода-сатык (балык, пил сөөгүн, темир буюмдарын сатышкан) иштерин жүргүзгөн. 18-к-да ич ара согуштардын натыйжасында Марави ыдырап, малавилер бир нече топторго (
ньянджалар, чевалар, мангаджалар ж. б.) бөлүнгөн. 19-к-дын 2-жарымында Ньяса көлүнүн аймагы Улуу Британия, Германия, Португалиянын талашына түшүп, акыры ал Улуу Британиянын Ньясаленд протектораты деп жарыяланган (1893-1907). Ушундан кийин өлкөдө англ. үстөмдүккө каршы улуттук-боштондук күрөш башталып, ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин күчөгөн. 1944-жылы М-де түзүлгөн алгачкы саясий уюм - Африка улуттук конгресси (АУК) жергиликтүү калктын социалдык укуктарынын кеңейиши үчүн күрөшкөн. Родезия жана Ньясаленд Федерациясынын (1953) жоюлушун жана Ньясалендге эркиндик берүүнү талап кылган. 1961-жылы августтагы шайлоодо М. конгресс партиясы (1959-жылы түзүлгөн) бийликке келген. Ньясаленд 1963-жылы декабрда Родезия жана Ньясаленд Федерациясынан чыгып, 1964-жылы 6-июлда М. Британ шериктештигинин курамындагы көз карандысыз мамлекет, 1966-жылы республика болуп жарыяланып, президенттикке X. К. Банда шайланган. 1966-жылы жаңы конституциясы кабыл алынган. 1970-жылдан X. К. Банда өлкөнүн түбөлүк президенти деп жарыяланган. М. 1964- жылдан ООНго мүчө. 1980-жылы экспорттук товарларга (тамеки, чай ж. б.) дүйнөлүк баанын түшүшү жана экономикалык кризистен М. начарлаган. Инфляция, жумушсуздуктун өсүшү элдин нааразылыгын туудурган. 1993-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы менен өлкөдө көп партиялуу система киргизилип, 1994-жылы президенттикке Б. Мулузи шайланган. Анын өкмөтү Банданын экономикалык курсун уланткан, натыйжада элдер жакырланып, өлкө оор абалда калган. 2004-жылы президенттикке шайланган Б. ва Мутарика коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзүп, өлкөнүн а. ч-н көтөргөн.
Чарбасы. М. — дүйнөдөгү начар өнүккөн агрардык өлкөлөрдүн бири. Экспортко чыгарылган а. ч. продукциясы өлкөгө түшкөн валютанын 90% ин камсыз кылат. ИДПнин көлөмү 13,51 миллиард долларды (2010, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 44,9, а. ч-ныкы 33,4, ө. ж. жана курулуштуку 21,7. Боксит, уран, таш көмүр, курулуш таштары ж. б. казылып алынат. 2006-ж 1,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көп-
Малави акчасы - малави квачасы.


чүлүгүн Шире д-нда орун алган ГЭС каскаддары («Nkula Falls» 214 миң кВт-с, «Tedzani Falls» 66,35 миң кВт-с, «Kapichira» 64,8 миң кВт-с) жана 10% ин ТЭС өндүргөн. А. ч. сырьёсун кайра иштетүүчү (ун, тамеки, чай ж. б.), тамак-аш, жыгач иштетүү, жер семирткич ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Экспорттук а. ч. продуктулары: тамеки, чай, бал камыш, жер жаңгак, пахта ж. б. Негизги азыктары - жүгөрү, маниок, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой; бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. 0. эле балык уулоо жүргүзүлөт. Автомобиль жолунун узундугу 28,4 миң км (2008; а. '/4 бөлүгү асфальтталган), т. ж-нуку 0,797 км. Шире д-нда жана Ньяса көлүндө кеме жүрөт. Ири порттору: Чипока, Монки-Бей, Нкота-Кота, Чилумба. Сыртка тамеки, кант, чай ж. башкача айтканда ч. продуктуларын чыгарат. Негизги соода шериктештери: Германия, АКШ, Россия, ТАР, КЭР, Нидерланд, Танзания ж. б.
Маданияты. Билим берүү милдеттүү акысыз 8 жылдык башталгыч, 4 жылдык орто жана 4 жылдык жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 71,8% (2008). М. университети (1964), Мзузудагы университет (1999), М. улуттук архиви (1947), Улуттук китепканасы (1968), М. музейи (1959) жана бир нече илимий- изилдөө мекемелери бар. Англис тилинде «Тйе ПаИу Т1тез», «Ма1а\¥1 Сгоуегптеп! СагеНе», англис жана чичева тилинде «Тйе Ма1а%п Хелуз», «Тйе Айлкап», «ТЫз 1з Ма1а\ү1» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1964-жылдан, телекөрсөтүүсү 1969-жылдан, улуттук маалымат агенттиги 1966-жылдан иштейт.
М. адабияты англис тилинде өнүгүүдө. Алгачкы чыгармалары агартуучулук мүнөздө: 1960-жылдардын ортосунда улуттук поэзия, ошондой эле прозада жанрындагы тарыхый чыгармалар жаралган.
20-к-дын орто ченинен М-де модернизм стилиндеги курулуштар салына баштаган (Зомбадагы Парламенттин имараты, 1957).
Профессионалдык сүрөт искусствосунда жыгач, таш, зер буюмдарды жасоо ж. б. өнүгүүдө.
Музыкасы малави, нгони, яо, макуа ж. б. элдердин салттары жана ошондой эле батыш музыкасынын таасиринде өнүкөн.
Ад.: Малави//Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011; Малави//Географиялык энциклопедиялык сөздүк. Ф., 1987; Малави//Всё о странах мира, Санкт-Петербург, 2006.


