МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 5-сап: | 5-сап: | ||
<p>Эмг.: Кыргыздын ак баталары. Б., 2003; Кыргыз адабияты тарыхы. Т. 1. Б., 2005; Манастын акылы. Б., 2012.</p> | <p>Эмг.: Кыргыздын ак баталары. Б., 2003; Кыргыз адабияты тарыхы. Т. 1. Б., 2005; Манастын акылы. Б., 2012.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ, Макелек Өмүрбай уулу (10. 3. 1956-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу обл., Улуу-Чат ооданы, Чоң-Терек-Суу айылы) - кытай кыргыздарындагы белгилүү адабиятчы, СУАР Улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде проф. (1999), филология илимдеринин кандидаты (2008). Кытайдагы Шинжаң университетинин география факультетин (1980), Пекин (Бейжин) борбордук улуттар институтунун кыргыз тили жана адабияты
факультетин (1982) бүтүргөн. 1982-жылдан СУАР Улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде кыргыз тилин, кыргыз жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет. 1985-жылдан Кытайдан чыгуучу кыргыз тилиндеги «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору. Кыргыз тилин жана элдик чыгармаларын изилдөө боюнча 40тан ашык макаласы кыргыз, кытай, уйгур тилдеринде жарыяланган. «Куран Керимдин» котормосун кытайлык кыргыздардын жазуусунда басмадан чыгарган. Кытайдагы кыргыздардын жазуусунун орфогр. эрежесин, тыныш белгилеринин эрежесин, адабий айтым (орфоэпия) эрежесин түзгөн «Орфографиялык сөздүк, кытайча-кыргызча сөздүк» ж. б. сөздүктөрдүн автору (аталган китептер кытайлык кыргыздардын жазуусунда Кыргызстанда да жарык көргөн).
Эмг.: Кыргыздын ак баталары. Б., 2003; Кыргыз адабияты тарыхы. Т. 1. Б., 2005; Манастын акылы. Б., 2012.